• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Акча табуу үчүн Бишкекке кеткен боюнча дайынсыз жоголгон 24 жаштагы Бөрүбай изделүүдө

Кырсык 0

Бишкек, 09.08.21. /Кабар/. Милиция дайынсыз жоголгон 24 жаштагы Асылбек уулу Бөрүбайды издөөдө.

Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы билдиргендей, 2019-жылдын октябрь айларында Кадамжай районунун Айдаркен шаарынын Жаңы-Коргон айылынын 1997-жылы туулган тургуну Асылбек уулу Бөрүбай Бишкек шаарына акча табуу максатында жумуш издеп кетип, 2021-жылдын январь айынан баштап байланышка чыкпай, жүргөн жери белгисиз.

Бул факты боюнча Кадамжай РИИБнин милиция кызматкерлери издөө иштерин жүргүзүүдө.

Белгилери: бою 165-170 см, кашы көзү кара, дене түзүлүшү арыкчырай, акыл-эси соо.

Эгерде кимдир бирөө сүрөттөгү жигитти таанып, жүргөн жерин аныктап калса, анда төмөнкү телефондорго кайрылсаңыздар болот: (03655) 5-02-29; 0704 27-64-16

Пикир

Оставить комментарий