• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Акчаңызды Бакай Банктын депозитине сактап киреше табыңыз

Коом 0

Бишкек, 08.06.20. /Кабар/. Биздин күндө каражатты жаздыктын астына же кутуда, ал гана эмес маяналык эсепте катып чогултуу ыңгайсыз. Акча жөн гана жата берет, же каалаган учурда чыгымдалып кетет. Аларды коротпой тескерисинче көбүйтүү үчүн “Бакай Банк” жогорку пайыздык чен менен депозиттерди сунуштайт. Бир нече депозиттин ичинен өзүңүзгө ылайыктуусун тандап алсаңыз болот.

“Бакай Банк” депозиттин бир нече түрүн сунуштайт. Алар “Пенсиялык”, “Мөөнөттүү”, “Балдар үчүн”, “Капитал” жана “Береке”.

• Айтмакчы, депозит — жеке жана юридикалык жак тарабынан пайыз түрүндө киреше алуу үчүн банкка берилген сумма.

“Пенсиялык” депозит – депозиттин бул түрү аталышы айып тургандай пенсионерлер үчүн. Мөөнөтү үч айдан 2 жылга чейин, ал эми пайыздык чени 12%га чейин. Пайыз ай сайын төлөнүп турат, мөөнөт ичинде депозитти толуктап да турса болот. Эгер сиз ата-энеңизге “Пенсиялык” депозитин ачам десеңиз же өзүңүз пенсиялык жашта болсоңуз “Бакай Банкка” паспорт жана пенсиялык китепче менен келиңиз. Депозит эң аз дегенде 5000 сомдон баштап ачылат. Арыз жазасыз, ошону менен бүттү! Сиздин акчаңыз ишенимдүү жерде сакталып, киреше болуп турат. Айтмакчы, бир пенсионер бир нече пенсиялык депозит ача алат.

Кийинки депозиттин түрү “Балдар үчүн” деп аталып 2 жылга ачылат. Пайыздык чени 12% болуп, ал мөөнөттүн аягына төлөнүп берилет. Бул депозиттин эң чоң артыкчылыгы пайыздардын капитализация болушу менен түшүндүрүлөт.

• Башкача айтканда, мында салымдын суммасы алгач чегерилген пайыздарга көбөйтүлөт, андан соң жалпы суммага кезектеги мөөнөт үчүн пайыз эсептелинет. Эл арасында бул “Пайызга пайыз” деп айтылат, ал эми финансы иштеринде – "татаал пайыздар".

Эгер бала 14 жашка чейин болсо салымды ата-энеси же мыйзамдуу өкүлдөрү көзөмөлдөп турушат. Ал эми андан чоңойгон кезде өспүрүм топтолгон депозитти эмне кылууну өзү билет. Балдар үчүн депозит ачам десеңиз банкка паспорт, балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүк менен келесиз. Балдарыңыздын ар бирине депозит ачсаңыз болот.

Дагы бир пайдалуу депозит “Капитал” деп аталат. Бул дагы негизги салымдын суммасына ай сайын проценттер капитализация кылынуучу депозит болуп саналып, аны толуктап турса болот. Пайыздар ай сайын төлөнүп, пайыздык чени 11%га чейин. “Капитал” депозитин ачуу үчүн эң аз дегенде 5000 сом жана паспорт керек.

Ал эми “Береке” депозити каражатты бөлүк менен чыгарууга жана толуктап турууга жол берет. Мында салымдын минималдуу суммасы 25 000 сом болушу керек. Пайыздык чени 9.5% болуп, ал ай сайын төлөнүп турат. Мөөнөтү 3 айдан 2 жылга чейин. Банкка келгенде жаныңызда паспортуңуз болушу керек.

Эми “Мөөнөттүү” депозити туурасында. Салымдын минималдуу суммасы 5000 сом, пайыздык чени 11,5%. Пайыз ай сайын төлөнгөн менен толуктап турууга мүмкүн эмес. Банкка паспорт менен келип процедураларды тез жана оңой өтөсүз. Депозиттер жөнүндө маалыматты “Бакай Банктын” сайтынан да тапсаңыз болот.

Эгер суроолор болсо биздин байланыш борборго чалыңыз, кызматкерлер күнү-түнү иштешет:

bakai.kg

6111 (мобилдик телефондордон)

+996 554 006 111 (Whatsapp)

Пикир

Оставить комментарий