• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Акчаны кантип туура сакташ керек? Улуттук банктын серепчиси кеңеш берет

Экономика 0

Бишкек, 07.02.23. /Кабар/. КР Улуттук банкынын Финансылык сабаттуулук башкармалыгынын начальниги Кубаныч Мүсүралиев жеке бюджетти кантип башкаруу жана акчаны үнөмдөө керктиги тууралуу айтып берди.

Жеке бюджетти кантип туура түзүү керек?

Бюджет - бул сиздин кирешеңиздин жана чыгашаңыздын планы. Сиз жөн гана бюджетти түзбөстөн, аны так түрдө аткарышыңыз керек. Жеке же үй-бүлөлүк бюджетти түзүү жана жүргүзүү кирешеңизди жана чыгашаңызды көзөмөлдөөгө гана эмес, капиталды көбөйтүүгө жана пландаштырылган максатка жетүүгө мүмкүндүк берет. 2021-жылдагы изилдөөгө ылайык, сурамжылоого катышкан 1000 респонденттин 75% га жакыны бюджетти пландаштырып, үнөмдөшөт.

Финансылык сабаттуулукка карай биринчи кадам киреше жана чыгашаларды талдоо менен башталат. Бул акча канча кетип жатканын так көрүүгө мүмкүндүк берет жана убакыттын өтүшү менен "бюджеттин кара тешиктерин" жабууга жардам берет. Сиз айына тамак-ашка, коммуналдык кызматтарга, жол киреге, кийим-кечеге, интернетке, уюлдук байланышка, оюн-зоок жана башкаларга канча акча кеткенин эсептеп чыгышыңыз керек. Кирешелерди да эсептөө зарыл. Алар бир нече болсо жакшы: эмгек акы, батирди ижарага берүүдөн түшкөн акча, кошумча жумуш ж. б.

Эң негизгиси чыгымдар сиздин кирешеңизден ашпашы керек жана чоң финансылык максаттарга жетүү үчүн үнөмдөлгөн каражаттар сакталууга тийиш.

Акчаны кантип туура сактоо зарыл?

Үнөмдөө маанилүү жана зарыл. Алар каржылык эркиндиктин жана көз карандысыздыктын ачкычы. Эрежедегидей эле, көпчүлүк адамдар адегенде акчасын коротуп, анан калганын топтой башташат, эгер албетте бир нерсе калса. Бул негизги каталардын бири болуп саналат. Мындай ыкма менен көбүрөөк акча топтоо мүмкүн эмес. Мында таптакыр тескерисинче болууга тийиш. Финансисттердин жана бай адамдардын арасында "адегенде өзүңө төлө"деген жөнөкөй эреже бар. Аны жашоодо колдонууга аракет кылуу керек. Эмгек акы алууда кирешеңиздин алгач 10-20 пайызын үнөмдөөгө бөлүп, андан кийин гана сарптаңыз. Ооба, кээ бирөөлөр мындай ашыкча акча калбайт деп айтышы мүмкүн. Бирок жок дегенде аз суммадан баштаңыз. Алгач болгону 100 сом болсун. Акчаны туура эмес пайдалануудан сактоо жана инфляциядан коргоо үчүн, акча жөн эле "матрацтын" астында эмес, сизге иштеп, кошумча киреше алып келиши керек. Максаттарыңызды ишке ашыруу мөөнөтүнө жараша, сиз үчүн эң ылайыктуу үнөмдөө куралын тандай аласыз. Мисалы, депозиттик эсеп ачуу, кыймылсыз мүлккө, малга инвестиция салуу жана башка.

Финсабат жөнүндө

Финсабат - бул КР Улуттук банкынын долбоору. Долбоордун башкы максаты-жарандардын финансылык сабаттуулук деңгээлин жана финансылык жүрүм-турум маданиятын жогорулатуу. Долбоордун www.finsabat.kg деген өз сайты бар , анда сиз онлайн курстарды, тесттерди, макалаларды, кредиттик жана депозиттик эсептегичтерди жана башка пайдалуу медиа контентти таба аласыз. Долбоордун көптөгөн өнөктөштөрү бар, алар менен "Дүйнөлүк акча жумалыгы" жана "Бүткүл дүйнөлүк үнөмдөө күнү" сыяктуу ар кандай финансылык билим берүү кампанияларын жүргүзөбүз, лекцияларды жана тренингдерди өткөрөбүз, окуу китептерин, китептерди жана колдонмолорду чыгарабыз. Финсабаттын билим берүүчү мазмуну You Tube, Instagram, Facebook платформаларында да берилет. Финсабаттын You Tube каналынан финансылык сабаттуулук чөйрөсүндөгү ар кандай темадагы 200дөн ашык видео көрсөтүлөт.

Ошондой эле жеке бюджет, үнөмдөө, төлөм системалары, каржы кызматтарын керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо, кредиттер жана башка темаларда Финсабаттын плейлисттери бар.

Пикир

Оставить комментарий