• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Акенеев: Казак аткаминерлеринин Кыргызстанга Кытайдан “боз” импорттун ири агымы келип жатканы тууралуу жүйөөлөрү ишендирерлик эмес

Экономика 0

Бишкек, 26.10.17 /Салтанат Абдраева –Кабар/. Эсепке алынбаган товарлардын маселеси ЕАЭБдин бардык өлкөлөрүндө, ошол эле Россияда, Казакстанда бар жана “жол картасына” кол койбогон казак тараптын жүйөөлөрү ишендирерлик эмес. Бул тууралуу бүгүн экономист Жумакадыр Акенеев билдирди.

Эксперттин айтымында, ЕАЭБге кандайдыр бир аткезчилик товар кирсе, буга ЕАЭБ бажычылары күнөөлүү, себеби өз ара көзөмөл жүрүүдө. Бардыгы онлайн түрүндө өтөт. “Бул жерде биздикилер казак чек арасы аркылуу ташып жаткан аткезчилик тууралуу эч кандай кеп болушу мүмкүн эмес, бул эсепке алынбаган экономика маселеси”,- деп белгиледи ал.

“Эмне үчүн алар биздин сүт, эт, текстилдик продукцияны токтотуп жатышат. Бул унаалардын 80% Казакстанга эмес, Россияга бара жатышат. Алардын бул жүк унааларына тийишүүгө эч кандай укуктары жок, унаалар Казакстан аркылуу транзит менен РФга баратат. Казак аткаминерлеринин Кыргызстанга Кытайдан эсептелбеген импорт келип жатканы жана алар Казакстандын аймагына келиши мүмкүн экени боюнча жүйөөлөр ишендирерлик эмес. Эгерде ал өтүп кетсе, казак бажычылары күнөөлүү. Демек, алар чек ара аркылуу аткезчиликти өткөрүшүүдө”,- деп билдирди Акенеев.

Экономист “жол картасы” биринчи вице-премьер-министрлердин жетекчилиги алдында даярдалып, анда бардык тиешелүү органдар, комитеттер, чек ара кызматтары катышып, бардыгы кол коюшканын белгиледи. “Премьер-министрдин гана колу калган. Буга чейин казак тарап менен бардыгы макулдашылып, бардык киргизилген 48 пункт келишилген. Ошондуктан мында иш башкада. Эгерде биздин премьер-министр эркин, чечим кабыл ала турган болсо, казак премьер-министрине: “Кол койбо” дешкен, ошондуктан кол койбой жатат. Болгон себеби ушул”,-деди Акенеев.

Эскерте кетсек, 2017-жылдын 10-октябрында Казакстан кыргыз-казак жана казак-россия чек араларында кыргызстандыктарга жана Кыргызстандын жүктөрүнө күчөтүлгөн текшерүү режимин киргизген. Кийин 18-октябрда Астанада эки өлкөнүн өкмөт башчылары Сапар Исаков менен Бакытжан Сагинтаев жолугушуп, адамдар, жүргүнчүлүк унаалар жана бош жүк унаалары үчүн артыкчылыктуу өткөрүү тартибин камсыздоо тууралуу макулдашылган.

Бүгүнкү күнү жүк жүктөлгөн унаалардын көйгөйү чечилбей турат. Аларды чек арадан өтө жай өткөрүшүп же таптакыр эле өткөрбөй коюшууда. Бул жагдайга байланыштуу Кыргызстан жана Казакстан өткөрмө пункттарында жүк унааларынын бир нече чакырымга созулган тыгыны пайда болду.

2017-жылдын 25-октябрындагы Еревандагы ЕАЭБдин өкмөттөр аралык кеңешинде Казакстан Кыргызстанды чек арадагы бажы көзөмөлүнүн начардыгынан Кытайдан аткезчилик товарларды ташууга жол берилип жатканына айыптады. Чек арадагы кырдаалды дал ушул менен түшүндүрүштү. Кыргыз тарап Казакстан өкмөт башчысынын билдирүүсүнө жооп катары такталбаган товарлар көйгөйү бардык ЕАЭБ өлкөлөрүндө бар экенин маалымдады. Ал эми Казакстанда аткезчиликтин көрсөткүчү Кыргызстандыкы менен бирдей.

Жыйынтыгында, тараптар ЕАЭБ жыйынында чек ара маселесин жөнгө сала алышкан жок. Кыргызстан өкмөтүнүн билдирүүсүндө сүйлөшүүлөр уланууда.

Пикир

Оставить комментарий