• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Ахматов: Ысык-Көлдөгү шамалдын кесепетинен 122 үйдүн жана 22 соцобъекттин чатыры бузулган

Коом 0

Бишкек, 03.12.18. /Кабар/. 30-ноябрдан 1-декабрга караган түнү катуу шамалдын кесепетинен Ысык-Көл облусунда 122 үйдүн жана 22 социалдык объектинин чатыры бузулган. Бул тууралуу өкмөттө өткөн кеңешменин жүрүшүндө КР өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Калыс Ахматов маалымдады.

Анын айтымына караганда, Жети-Өгүз районунан жабыркагандардын саны көп, облус боюнча жалпы зыян 14,3 млн сомду түзөт.

Үстүбүздөгү жылдын 1-декабрында Нарын облусунун Жумгал районунун Миң-Куш айылында орун алган жер көчкүнүн натыйжасында ички жолдор жабылып, суу чарба обьектилери талкаланган.

«Ошол эле күнү ӨКМ жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринен турган комиссия түзүлүп, келтирилген зыянды баалоо жүргүзүлгөн. Учурда жолдун бир тарабы ачылып, ичүүчү суу жеткирүүгө атайы транспорт дайындалган. Суу инфраструктурасын калыбына келтирүү боюнча иштер улантылууда, алар бир жума ичинде жыйынтыкталмакчы», – деп маалымдады Калыс Ахматов.

Белгилей кетсек, премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Нарын жана Ысык-Көл облустарындагы жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин жоюу маселеси боюнча кеңешме өткөрдү.

Өкмөт башчы маалыматты угуп чыгып, биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновго өзгөчө кырдаалдын кесепетин жоюу жана жапа чеккен адамдарга жардам көрсөтүү боюнча кырсыктан жабыркаган райондорго барууну тапшырды.

Өкмөт башчы ырастагандай, келтирилген зыянды баалоо жана кырсыктын кесепетин четтетүү боюнча уюшкан жана ыкчам иштерди камсыздоо зарыл.

Пикир

Оставить комментарий