• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ахметов: Юстиция министрлиги электрондук нотариаттын техникалык тапшырмасын даярдады

Коом 0

Бишкек, 15.03.18. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Юстиция министрлиги “Таза коом” программасынын алкагында электрондук нотариатты өткөрүү үчүн техникалык тапшырманы даярдады. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында Юстиция министрлигинин башчысы Уран Ахметов билдирди.

Анын айтымында, ведомство “Таза коомдун” алкагында эки долбоорду ишке ашырууда.

“Биринчиси бул электрондук нотариатты киргизүү. Ал боюнча техникалык тапшырма даяр болду. Экинчиси, юридикалык жактарды электрондук каттоодон өткөрүү. Бул иштер аяктагадан соң, биз аларды Мамлекеттик маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетине өткөрүп беребиз”,-деп билдирди ал.

Ахметов ошондой эле, кыргызстандыктардын чет жакка жүрүүсү боюнча керектүү документтерди алуу жараяны жөнөкөйлөштүрүлгөнүн билдирди.

“Мурда мындай документтер Юстиция министрлигинин борбордук аппаратында гана берилчү жана беш күн кетүүгө туура келчү. Бүгүнкү күндө ар бир облустук борбордо керектүү документтерди бере турган борбор ачылган, күтүү убактысы да эки күнгө чейин кыскартылган”,-деп билдирди юстиция министри.

Пикир

Оставить комментарий