• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Аким: Сузак районунун экономикасы 1,5 айдын ичинде бир топ артка жылды

Аймак 0

Бишкек, 02.05.20. /Кабар/. Коронавирус менен күрөшүп жаткан акыркы 1,5 айдын ичинде Сузак районунун экономикасы бир топ артка жылды. Бул тууралуу брифингдин жүрүшүндө Жалал-Абад облусунун Сузак райондук мамлекеттик администрация башчысы Эрмекбай Омошев билдирди.

Акимдин айтуусуна караганда, статистикалык маалыматтар боюнча өнөр жай багытында иштерди аткаруу болгону акыркы төрт айда 54%ды түзгөн. Бул өнөр жайдын токтоп калгандыгына байланыштуу болууда.

"Учурда өнөр жай тармагы толугу менен ишке кире элек. Өкмөттүн тапшырмасынын негизинде уруксат берилген экономикалык ишмердүүлүктүн түрлөрү этап-этабы менен жанданууда. Биз баардыгын жандантып бүткөндөн кийин экономикалык чыгымды эсептеп чыгабыз. Азырынча алдын ала маалымат боюнча так бир сумманы чыгара элекпиз. Себеби бүгүн деле элибиз экономикалык чыгымдын негизинде жашап жатат", - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий