• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Аким жана айыл өкмөт башчыларына өз райондорун өнүктүрүү планын иштеп чыгуу тапшырмасы коюлду

Өкмөт 0

Бишкек. 03.02.23. /Кабар/. Ош облусунда 2022-жылы аткарылган жумуштардын жыйынтыгын чыгарган коллегиялык кеңешме өттү, - деп кабарлайт министрлер кабинетинин басма сөз кызматы.

Жыйынга министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, облустук, райондук мекеме-уюмдарынын башчылары, райондук мамлекеттик администрация башчылары-акимдер жана айыл өкмөт башчылары катышты.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев район акимдери жана айыл өкмөт башчыларына кайрылып, 2023-жылы ар бир район өнүктүрүү планын иштеп чыгуусун, азык-түлүк коопсуздугунун алдын алуу, баа саясатын көзөмөлдөө жана экспортко чыгарууга шарттарды түзүү, ирригация тармагындагы көйгөйлөрдү чечүү, бош жаткан айыл чарба жерлерин өздөштүрүү тапшырмасын берди.

Мындан сырткары көмүскө экономиканы кыскартуу, электрондук счет фактура жана ККМ аппараттарын орнотуу менен көмүскө салыкты ачыктоо жана Президенттин тапшырмасына ылайык “Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө” Мыйзамынын алкагындагы иштерди аягына чыгарууну кошумчалады.

Ошондой эле, коллегиялык отурумда Ош облусунун социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу боюнча 2022-жыл ичинде аткарылган иштер жана 2023-жылга карата коюлган пландар тууралуу маалыматтар айтылды.

Пикир

Оставить комментарий