• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Акималиев: Президенттин агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү жөнүндө жарлыгы – тамак-аш коопсуздугуна карата камкордугу

Коом 0

Президент Садыр Жапаровдун Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай тармагын өнүктүрүү боюнча жарлыгы барынан мурда азык-түлүк менен туруктуу камсыздоо түрүндө улуттук коопсуздукка кам көрүү болуп саналат. Мындай пикирин академик Жамин Акималиев “Кабар” агенттигине элге жарыяланган президенттин жарлыгына өз пикирин айтып жатып билдирди.

Академиктин айтымында, Кыргызстан азык-түлүк жаатында импортко өтө көз каранды, бул тенденцияны түп-тамырынан бери өзгөртүү керек, анткени өлкөдө азык-түлүк менен туруктуу камсыздоо үчүн өзүбүздүн ресурстарыбыз жеткиликтүү.

“Бүгүнкү күндө базарлардагы азык-түлүктүн 70%ы бизге чет өлкөлөрдөн келет. Бизде өзүбүздүн ири агрардык мүмкүнчүлүктөрүбүз бар. Качандыр бир кезде өлкө туруктуу агрардык секторго ээ болгон. Бүгүнкү күндө кырдаалды өзгөртүүгө жакшы мүмкүнчүлүк бар. Ушуга байланыштуу Садыр Жапаровдун аталган тармакты өнүктүрүү жарлыгы болуп көрбөгөндөй зарыл. Учурда дүйнөдө пандемия жүрүп жатат. Ушундай туруксуз убакта өзүбүздүн агрардык тармагыбызды өнүктүрүү – бул эң туура чечим”, - деди ал.

Ошондой эле академик бардык кызыктар тараптар менен тыгыз иштөө абзел, зарыл болсо инвестор тартуу керек деп белгиледи.

“Бизде кооператив, кластерлер жана айыл-чарба фермерлери абдан көп, алар тармакты өнүктүрүү үчүн жетиштүү тажрыйбага ээ. Бийлик биз менен тыгыз иштешип, зарыл болгон шарттарды түзуп бериши керек. Биздин жер, суу жана кадр ресурстарыбыз бар, өнүгүүгө эч нерсе тоскоол болбойт”, - деп сөзүн жыйынтыктады Ж. Акималиев.

Эскерте кетсек, ушул жылы 9-январда президент Садыр Жапаров айыл чарбасын, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайын, айыл чарба азыктарынын базарын, агроөнөр жай комплексинин экспорттук мүмкүнчүлүгүн мындан ары өнүктүрүү, агрардык тармакка өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугунун негизи катары стимул берүү максатында “Кыргыз Республикасынын агро өнөр жай комплексин өнүктүрүу боюнча чаралары тууралуу жарлыкка кол койгон.

Жарлыкта өкмөттүн агрардык өнүктүрүү концепциясынын долбоорун жана аны ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыгып, сунуштоо каралган.

“Кабар” МАБ

Пикир

Оставить комментарий