• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Акималиев: “Центерра” экологияга оор сокку урду жана бул “Кумтөрдү” иштетүүнүн тарыхындагы эң башкы кылмыш

Коом 0

Заманбап тарыхта Кыргызстан биринчи жолу канадалык “Центерра” тоо-кен казуу компаниясынын “Кумтөр” алтын кениндеги ишмердүүлүгү боюнча объективдүү иликтей баштады. Бир катар эксперттердин пикири боюнча “Кумтөр” өлкөдө өткөн 3 революциянын себептеринин катарында. Нааразычылыктын башкы себеби – кенден түшкөн акчаны пайдасыз жана туура эмес бөлүштүрүү.

Мамлекеттин мурунку жетекчилеринин тар чөйрөсүнүн жеке кызыкчылыгы, алардын коррупциялык көз-караштары жана бузуку мүнөзү кен казуучуга өлкөнү тоноп, экологиясын бузуп, негизги алтын корун эч кандай тоскоолдуксуз чыгарып кетүүгө жардам берип келген. Алтын кени иштегенден баштап болжол менен 400 тонна алтын өлкөдөн чыгарылып кеткен. Бул 400 тоннанын ичинен Кыргызстандын үлүшү канча болгону белгисиз. Эн жогорку рангадагы коррупциялашкан чиновниктер өздөрүнүн жеке кызыкчылыгын көздөшүп кен байлыктан түшкөн киреше тууралуу ачык-айкын маалымат беришкен эмес. Көз карандысыздыктын 30 жылында беш президенттин үчөөсүн кууду, 25тен ашык премьер-министр алмашты, бирок бир дагы бийлик чындыгында эле “Кумтөр” маселесинде Кыргызстандын жана элдин кызыкчылыгын коргогон жок.

1993-жылы “Камеко” корпорациясы менен келишимдин түздөн-түз күбөсү легендарлуу парламенттин депутаты, академик Жамин Акималиев “Кумтөр” долбоору башынан эле пайдасыз болгонун ырастады.

Академиктин айтымында, ошол учурда эле алдыдагы келишим боюнча тынчсызданган пикирин билдиришип, кен байлыкты иштетүүгө кол коюга каршы чыккандар көп болгон.

“Мен анда легендардуу парламенттин депутаты болгом. Талкууларда мен, Турдакун Усубалиев жан башка бир катар депутаттар кен байлыкты иштетүүгө каршы чыкканбыз. Ошол учурда эле иштетүүчүнүн жана өкмөттүн ачык-айкындуулугуна жана экологияга байланыштуу олуттуу кооптонуулар болгон. Бирок, айтылган сын-пикирлерге карабай ошондогу президент Аскар Акаев келишимге кол койгон. Мына бүгүн Акаевдин жеке өзүмчүлдүк максаттарды көздөгөнү ачык-айкын болуп отурат”, - деди ал.

Акималиев сөзүн улантып жатып Акаев бийликтен алынгандан соң кийинки президент Бакиев жаңы келишим менен Кыргызстандын “Кумтөрдөгү” үлүшүн тапткыр азайтып салган. Өндүрүүчү компания өзүнүн пайдасына чечим чыгаруу үчүн биздин президенттерге жана бардык жетекчилерге пара берүү жолу менен сатып алып келген. Акаев пайдасыз келишим түзгөн, Бакиев келишимди карап чыгып, мамлекеттин үлушүн таптакыр азайткан, Атамбаевдин учурунда премьер-министр Сапар Исаков бир нече миң гектар жерди өндүрүүчүгө берген. Башкача айтканда бул кылмыштуу уюм – мафия болгон”, - деди Акималиев.

Ошондой эле, академик “Центерра” экологияга катуу сокку урганын жана бул алтын кенин иштетүүнүн тарыхындагы эң башкы кылмыш экенин айтат.

“Бүгүнкү күндө “Кумтөрдү” улутташтыруу Кыргызстан үчүн эл аралык соттор тарабынан кооптуу жана башка кесепеттери бар деген сөздөр айтылып жатат. Бул мурунку бийликтин сүйүктүү шылтоосу экендигин белгилегим келет. Чындыгында кенди иштеткен компания жаратылышка олуттуу сокку урду, аларды эл аралык тартипте жоопко тартуу керек. Бүгүн таза суунун булгануу коркунучу бар, бул адамзатка карата кылмыш. Ошондуктан, өлкөнүн бийлиги биринчи жолу саясий эркин көрсөтүп, кендеги маселени чечүүгө ниеттенип жатканда, ар бир жаран чындык тарапта болуп, бул маселеде өкмөткө мүмкүн болушунча жардам бериши керек”,-деди ал.

Өз кезегинде Айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору Динара Кутманова экологиялык кесепеттер тууралуу айтып жатып кен көзөмөлсүз жана экологиялык жана өндүрүш чараларын сактоосуз иштетилгенин белгиледи.

“Кумтөр, Нарын жана Сырдарыя дарыялар тутумунда топтолгон жана узаак мөөнөттүү булгануусу жүрүп жатат. Кен Кумтөр дарыясынын башатында жайгашкан, андан ары Нарын жана Сырдарыя дарыяларына куят. Ушунча жылдан бери кенде иштетилген сууну тазалоочу жабдык орнотулган эмес. Бул суулар чындыгында эле химиялык кошулмалар жана оор металлдарды камтыйт. Словения, Германия жана Казакстандын улуттук ядердик борборунун адистери лабораториялык изилдөө жургүзүштү. Бардык анализ оор металлдардын жана цианиддин олуттуу көбөйгөнүн көрсөттү. Бул заттар Кумтөр дарыясынын түбүндөгү чөкмөлөргө топтолуп, акыры дарыя тутумунун булганышына алып келет”,-деди Кутманова.

«Кабар» МАБ

Пикир

Оставить комментарий