• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Акимдердин укуктары кеңейип, маселелерди чечүү үчүн керт башы менен жооптуу болот — Жапаров

Президент 0

Бишкек, 21.10.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бишкекте Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын Республикалык кеңешмеси өтүүдө.

Республикалык кеңешмеде президент Садыр Жапаров кайрылуу жасады.

“Буга чейин “Кыргызстандын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынып, кол коюлду. Ал мыйзам өкмөттүн иштешине стабилдүүлүктү алып келет. Ошондой эле райондордун акимдерине тиешелүү укуктар берилди. Мындан ары акимдер ыйгарым укуктарынын негизинде жигердүү иштөөгө мыйзамдык шарт түзүлдү. Эл турмушун жакшыртуу жана өзүңөргө тиешелүү маселелерди чечүү үчүн акимдер керт башыңар менен жооптуу болосуңар. Ар кыл шылтоо айтууга мындан ары негиз жок”, - дейт Жапаров.

Президент аталган мыйзам күчүнө киргенден баштап, бүгүндөн тарта акимдер иштөө ыкмасын өзгөртүп, жаңыча иштешине басым жасады.

Белгилей кетсек, Республикалык кеңешменин ишине президент Садыр Жапаров, министрлер кабинетинин төрагасы – президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров башында турган министрлер кабинети, мамлекет башчысынын региондордогу ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, шаарлардын мэрлери, райондордун акимдери, айыл өкмөт башчылары жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышууда.

Аталган иш-чара 25-октябрда белгиленчү Жергиликтүү коомчулуктар күнүнүн алкагында өтүүдө.

Жыйында региондорду жана жалпы өлкөнү өнүктүрүүнүн негизги маселелери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын сапатын жана кесипкөйлүгүн жогорулатуу талкууланат.

Пикир

Оставить комментарий