• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкекте ысырапкорчулуктун алдын алуу боюнча жобонун долбоору талкууланды

Коом 0

Бишкек, 22.04.22. /Кабар/. Биринчи май райондук администрациясында Бишкек шаарында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү жөрөлгөлөрүн тартипке келтирүү боюнча иштелип чыккан жобонун долбоору талкууланды. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жыйындын жүрүшүндө катышуучулар жобонун айрым пункттары боюнча сунуштарын, сын-пикирлерин айтышты.

Талкуунун жыйынтыгында маркумду акыркы сапарга узатууда майда малды экиден ашык сойбоо сунушталды. Бул сунуш мэриянын кароосуна жиберилет.

Эске салсак, КР президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү жөрөлгөлөрүн тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыкка кол койгон.

Бул жарлыктын максаты - Кыргызстандын жарандарынын турмушунун социалдык-экономикалык деңгээлин жогорулатуу, ошондой эле коомдогу социалдык абалга терс таасирин тийгизген диний жөрөлгөлөрдү, ырым-жырымдарды жана башка иш-чараларды өткөрүүдө ысырапкорчулукка жол бербөө болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий