• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Акматалиев: Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө кабыл алынып жаткан мыйзам алардын ишмердүүлүгүнө, тематикасына жана каржылоосуна зыян келтирбейт

Коом 0

Бишкек, 09.06.20. /Кабар/. Кыргызстанда бир нече депутаттар “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” жана “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү)” мамлекеттик каттоо жөнүндө” мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун сунуштап жатат. Ал мыйзам долбоорунун демилгечилери − Б. Райымкулов, Ж. Мусабекова, Б. Турусбеков, У. Примов, У. Кыдыралиев, Е. Строкова, А. Исмаилова, М. Маматалиев.

Документке ылайык, гранттарды, бюджеттик каражаттарды, ошондой эле акысыз башка фонддордун эсебинен иш алып барган коммерциялык эмес уюмдардын КРнын өкмөтү тарабынан аныкталган тиешелүү формадагы финансылык ресурстардын булактары жана чыгымдоо жолдору жөнүндө жыл сайын маалымат берип туруусун талап кылган эрежелерди кабыл алуу каралган. Бул талаптар бузулган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, айыппул иретинде жоопкерчилик каралат.

Эксперт жана саясат таануучу Алмазбек Акматалиев аталган мыйзамдын кабыл алуусуна каршы чыккан бейөкмөт уюмдары жана коммерциялык эмес уюмдарынын позициясын жакшы түшүнө албастыгын айтат.

"Коммерциялык эмес уюмдар жана бейөкмөт уюмдарынын каржылык булактарынын ачыктыгы жөнүндө сөз болуп жатат. "Коммерциялык эмес уюмдар" деген сөздүн өзү каржылык отчеттуулук ачык-айкын болууга тийиш экендигин айтып турат. Алар соода кылбайт, эч кандай киреше түшпөйт, анда көйгөй эмнеде? Аталган мыйзам алардын ишмердүүлүгүнө, тематикасына, каржылоосуна зыян келтирбейт. Бир гана алардын финансылык отчеттуулугун ачык-айкын кылуу сунушталууда. Бирок кандайдыр бир себептерден улам алар каршы болууда", - деди эксперт.

Акматалиев белгилегендей, өлкө эртеби-кечпи бейөкмөт уюмдары жана коммерциялык эмес уюмдар үчүн ачык каржылоону орнотуу максатында ушул сыяктуу мыйзамды иштеп чыгышы керек.

Пикир

Оставить комментарий