• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Акматалиев "Кумтөрдүн" Кыргызстанга өтүшү тууралуу: Саясий жана дипломатиялык жактан уттук

Коом 0

Бишкек, 29.07.22. /Кабар/. Бүгүн, 29-июлда, Кыргыз Республикасынын Улуу Британиядагы элчилигинде “Кумтөр” алтын кенин Кыргызстандын менчигине өткөрүү процессин тастыктаган документтерди алмашуу процедурасы өттү.

Кыргызстандын элчилигинин аймагында тараптардын эл аралык юридикалык өкүлдөрүнүн жана эскроу-агенттин катышуусунда Кыргыз Республикасынын Улуу Британиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Улан Жусуповго юридикалык документтердин толук пакети, анын ичинде “Кумтөр Голд Компани” жана “Кумтөр Оперейтинг Компани” компанияларынын акцияларынын 100%ын «Кыргызалтын» ААКтын пайдасына менчик укугунун толук өтүшүн каттоо үчүн өткөрүп берүү актылары, ишеним каттары жана күбөлүктөр тапшырылды.

Саясат таануучу Алмазбек Акматалиев окуя тууралуу өз пикирин билдирип, Кыргызстан саясий жактан жана дипломатиялык жактан да уткандыгын баса белгиледи.

"Бизге эл аралык дасыккан компания менен соттошуу, кандайдыр бир созулган иштин кереги жок болчу. Себеби иш канчалык созула берсе, ошондо илинип тура бермек. Инвестициялык климатка да доо кетмек. Кандайдыр бир деңгээлде эки тараптын тең компромисске барганы мени кубандырды", - деди ал.

Жетишилген келишим төмөнкү пункттарды камтыйт:

  • “Кумтөр” кени толугу менен республиканын менчигине өтөт. Ошол эле учурда Кыргызстан 2021-жылдын 15-майынан тарта кенден өндүрүлгөн алтындын ээси катары таанылат.
  • Мындан тышкары, “Центерра” болжол менен 11 миллион АКШ доллары өлчөмүндө дивиденд төлөйт.
  • Ошондой эле «Центерра» тарабынан кыргыз тарапка 50 миллион АКШ доллары өлчөмүндө бир жолку төлөм макулдашылды.
  • “Кумтөр” кени боюнча Рекультивациялоо фондун башкаруу Кыргызстанга өтөт, көлөмү болжол менен 53 миллион АКШ доллары. Бул сумма дагы Кыргызстандын банктарынын бириндеги атайын эсепке которулат.
  • «Центерра» кыргыз тарапка каршы демилгеленген бардык соттук териштирүүнү токтотот: АКШда (27-июлда токтотулган), Швецияда жана Канадада (доолорду кайтарып алуу каттары 28-июлда жөнөтүлгөн).

Пикир

Оставить комментарий