• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Акматалиев: Мирзиёевдин сапары – мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу үчүн бекем негиз болмокчу

Коом 0

Бишкек, 27.01.23. /Кабар/. Кыргызстан менен Өзбекстан акыркы бир нече жылда кызматташтыктын бардык багыттары боюнча өз ара мамилелерди сапаттуу жакшырта алды. Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапары – бул мурда жетишилген макулдашууларды жүзөгө ашыруу үчүн бекем негиз болмокчу. Мындай пикирин “Кабар” агенттигине КР президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору Алмазбек Акматалиев билдирди.

Анын айтымында, Өзбекстанда Шавкат Мирзиёев бийликке келгенден кийин кыргыз-өзбек алакаларында оң жылыштар боло баштады.

“Ал президент болгондон кийин дароо Өзбекстандагы негизинен этникалык кыргыздар жашаган “Манас” айылын оңдоду. Менимче ошондо ал коңшулар менен, тагыраак айтканда Кыргызстан менен тыгыз кызматташууга даяр экенин ачык көрсөткөн. Ошондой эле президент Садыр Жапаровдун 2021-жылы Өзбекстанга болгон иш сапары эки өлкө үчүн масштабдуу жана жемиштүү болгон. Энергетикадан тартып билим берүүгө чейин ар түрдүү тармактарда бир катар маанилүү документтерге кол коюлушу – тараптардын сөздөн ишке өтүүгө чечкиндүү экендигинин далили. Мына андан көп убакыт өтпөй Өзбекстандын президенти өзү Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен келип отурат. Бул сапар стратегиялык өнөктөштүктүн, бир туугандык маанайдагы достуктун бекем пайдубалы болуп, Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы мамилелерди чыңдоого түрткү берет деп ойлойм”, - деди ал.

Ошондой эле Акматалиев бүгүнкү күндө биздин өлкөлөр ортосунда мамилелерге сокку ура турган эч кандай талаштуу маселелер жок экенин кошумчалады.

“Саясатта кол коюлган документтер жана келишимдер менен кошо чечкиндүү, так жана максаттуу аракеттер дагы маанилүү ролду ойнойт. Биздин президенттерибиздин аракеттеринин аркасында бүгүнкү күндө Кыргызстан менен Өзбекстан өлкөлөр ортосундагы эң маанилүү болгон – чек ара маселесинде бир пикирге келе алышты. Мындан тышкары, “Камбар-Ата-1” ГЭСин биргелешип куруу маселеси дагы маанилүү болуп саналат. Ошентип, Кыргызстан менен Өзбекстан көп жылдардан бери чечилбей келген бардык облуттуу маселелер боюнча тил табыша алды. Мирзиёевдин Кыргызстанга болгон сапарынан кийин тараптар мурда жетишилген бардык келишимдерди жүзөгө ашырууга киришет деп ишенем. Муну эки өлкөнүн президенттеринин чечкиндүү жана достук мамилелери ырастап турат”, - деп белгиледи Акматалиев.

Жыйынтыгында КР президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору биргелешкен Кыргыз-Өзбек өнүктүрүү фондуна токтолуп, фонддун эбегейсиз мүмкүнчүлүгүн белгиледи.

“Өлкөлөр ортосундагы экономикалык кызматташтык дагы көздү кубантат. Кыргы-Өзбек өнүктүрүү фондунун баштапкы капиталы 50 млн доллардын тегерегинде болсо, эми ал 300 млн долларга чейин жетүүдө. Келечекте уставдык капиталын 1 млрд долларга жеткирүү күтүлүүдө. Мындан тышкары, мен “Кыргызстан – Өзбекстан” бизнес-форумуна бардым, анда бизнестин өз ара кызматташууга абдан жандуу кызыгуусун көрдүм. Демек, бул Кыргызстандын экономикасына инвестициянын жанданышын күтсө болот дегенди билдирет. Кыргызстанда автозаводду биргелешип курууга келсек, бул долбоор ишке ашат деп ойлойм”, - деди ал.

Соңунда Акматалиев Кыргызстан менен өзбекстандын достугу Борбор Азиядагы туруктуулуктун бекем негизи болорун кошумчалады.

Белгилей кетсек, Өзбекстандын президенти 26-27-январь күндөрү мамлекеттик сапар менен Кыргызстанда жүрөт. Эки өлкө лидерлери бүгүн, 27-январда, кеңири форматта жолугушуу өткөрүштү.

Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстандагы мамлекеттик сапарынын жыйынтыгында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду.

Пикир

Оставить комментарий