• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Акматбек Султан уулу Байдылда Сарногоевдин 90 жылдыгына арналган айтышта баш байгени алды

Маданият 0

Бишкек, 16.05.22./Кабар/. Бүгүн, 16-майда, Кыргыз Республикасынын эл акыны Байдылда Сарногоевдин 90 жылдыгына карата өткөн эл аралык айтышта төкмө акын Акматбек Султан уулу баш байгени жеңип алды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, байгени маданият министри Азамат Жаманкулов тапшырды.

Министр сыйлык тапшыруу алдында учурда төкмөлүк өнөрдү өркүндөтүүгө мамлекет тарабынан колдоо үзгүлтүксүз улана турганын айтып, мындай айтыштар башка аймактарда да өткөрүлө тургандыгын белгилеп өттү.

Эске салсак, аталган иш-чара Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, Улуттук "Манас" театры жана Республикалык "Айтыш" коому тарабынан биргеликте уюштурулган.

Пикир

Оставить комментарий