• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Акматова: 26-март саат 15:00гө карата коронавирус жуккан жаңы учур катталган жок

COVID - 19 0

Бишкек, 26.03.20. /Кабар/. Кыргызстанда 26-март саат 15:00гө карата коронавирус жуккан жаңы учур катталган жок. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтуусуна караганда, бүгүнкү күндө өлкө боюнча коронавирусун жуктурган 44 учур аныкталган. Алардын ичинен Ош облусунда – 20 адам, Жалал-Абад облусунда – 19 киши, Бишкек шаарында – 3 адам, Чүй облусунда – 1 адам жана Баткен облусунда – 1 адам бар.

"Бейтаптардын баары тиешелүү дарылануудан өтүп жатат", - деп кошумчалады ал.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбековдун Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын жана Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймагында 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 2020-жылдын 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий