• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Акматова: Акыркы сутка ичинде 10 бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 03.07.20. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы сутка ичинде 10 бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди.

Анын айтымында, кыргыз-түрк “Достук” ооруканасынан – бир (аял, 58 жашта), Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасынан - бир (эркек, 54 жашта), Ноокат аймактык ооруканасынан – бир (59 жаштагы аял киши, медкызматкер), Ош шаарынын клиникалык ооруканасынан - бир (аял, 33 жашта), Кызыл-Кыя аймактык ооруканасынан – бир (33 жаштагы эркек киши), Ысык-Ата аймактык ооруканасынан – беш бейтап (3 эркек – 64,66,80 жашта; 2 аял – 62, 63 жашта) илдеттин кесепетинен каза болду.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 3-июлга карата коронавирус жуктурган 506 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 6767ни түзөт. Алардын ичинен 2655 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 76 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий