• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Акрам Мадумаров Баткен облусунун чек ара аймагындагы абал тууралуу айтып берди

Аймак 0

Бишкек, 22.08.19. /Кабар/. Бүгүнкү күндө Баткен облусунун аймагында абал туруктуу. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров билдирди.

Анын айтымында, баардык айыл аймактарында жана чек арага жакын райондордо абал туруктуу.

"Коңшулар менен дайыма сүйлөшүү жүргүзүп турабыз. Чек аралаш айылдарда маданий иш-чараларды өткөрүүнү сүйлөштүк. Анын ичинде, аймактар ортосунда достук мамилени бекемдеш үчүн Өзбекстандын Фергана облусунун жетекчилери менен жолугушууларды өткөрүп жатабыз", - деди ал.

Мадумаров белгилегендей, социалдык-экономикалык жактан өнүгүү үчүн туруктуулук керек.

"Бүгүнкү күндө Баткен облусу менен Өзбекстандын чек арасынын жалпы узундугу 392,98 чакырымды түзүп, анын 0,25 чакырымы макулдашылган эмес. Тажикстан менен болгон чек ара узундугу 674 чакырымга жетип, анын 312,91 чакырымы макулдашылган. Муну чечиш үчүн дайыма жолугушууларды өткөрүп туруу керек", - деди Мадумаров.

Ал белгилегендей, Баткен облусунун чек арасында акыркы 6 айда 7 жолу чыр чыккан.

Пикир

Оставить комментарий