• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Акрам Мадумаров: Баткен стратегиялык аймак, биринчи кезекте элдин коопсуздугун камсыздаш керек

Аймак 0

Бишкек. 02.01.19 /Кабар/. Баткен облусу стратегиялык аймак катары саналат, ошондуктан биринчи кезекте элдин коопсуздугун камсыздап, жашоо шартын жакшыртыш керек. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров алгачкы аппараттык кеңешмеде билдирди.

Мадумаров облустук администрациянын кызматкерлерин ички тартипти, мамлекеттик кызматтын этикасын сактоо менен, өкүлчүлүк тарабынан ишке ашырылуучу ар бир маселеге жоопкерчилик менен мамиле жасоого чакырды.

Ошондой эле шарты катаал, чек арада жайгашкан, стратегиялык аймак катары саналган Баткен облусунун калкынын жашоо шарты, өлкөнүн башка аймактарына салыштырмалуу ооруураак экенин белгилеп, аймактын социалдык экономикалык абалын жакшыртууга болгон күч аракетти жумшоо зарылдыгын белгиледи.

Бул күнү ыйгарым укуктуу өкүл облустун күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен да жолугуп, облустун коомдук саясий абалы жөнүндө сүйлөшүп, биринчи кезекте, аймактагы элдин коопсуздугун камсыздоого өзгөчө маани берүү керектигин айтты.

Пикир

Оставить комментарий