• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Акрам Мадумаров: Биздин негизги милдет, чек арадагы элдин коопсуздугун камсыз кылуу

Аймак 0

Бишкек. 23.05.19 /Кабар/. Биздин негизги милдет, чек арадагы элдин коопсуздугун камсыз кылуу. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров Баткен облусунун укуктук тартип жана коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жыйынында билдирди.

Жыйынга облустун күч түзүмдөрүнун жетекчилери жана чек аралаш район, айыл аймак башчылары катышты.

Акрам Мадумаров 22-майда кыргыз-тажик чек арасында орун алган окуя боюнча тийиштүү жетекчилердин маалыматын укту.

Ал чек ара аймактарындагы эки тараптуу пикир келишпестиктердин алдын алуу, жергиликтүү калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө өзгөчө маани берүү керектигин баса белгиледи.

Ошондой эле кошуна мамлекеттер менен чек аралаш аймакта, чыр чатактарга себеп болгон маселелерди сүйлөшүү жолу менен чечүүгө жетишүү,такталбаган чек ара аймактарын делимитациялоо иштерине жолтоо болгон учурларды байкоо менен алдын алып,кечиктирилгис чараларды көрүүнү тапшырды.

Ал эми Тажикстан жана Өзбекстан мамлекеттери менен мамлекеттик деңгээлде жетишилген макулдашууларга ылайык иш алып баруу менен, мыйзам бузууга жол бербөө, жергиликтүү эл менен ар дайым, тыгыз байланышта иш алып баруу, чек аралаш аймактагы элдин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча жандуу иш алып барууну тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий