• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Акрам Мадумаров: Маанилүү долбоорлорду дайыма колдойбуз

Коом 0

Бишкек, 19.09.17 /Кабар/. КРнын Мамлекеттик кадр кызматынын директору Акрам Мадумаров Кореянын KOICA эл аралык кызматташтык агенттигинин “Кореянын дүйнөдөгү достору” программасынын эксперти Ким Мён-Кини кабыл алды. Бул тууралуу мамагенттиктин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда “Кореянын дүйнөдөгү достору” программасынын эксперти Ким Мён-Ки КРнын Мамлекеттик кадр кызматынын директору А. Мадумаровдун жылуу кабыл алганына ыраазычылыгын билдирип, кадр кызматында аткарган иштери, милдеттери жана негизги максаттары менен тааныштырды. “Менин негизги иш максаттарым мамлекеттик кызматчылардын ишмердүүлүгүн баалоо системасын жакшыртуу жана адам ресурcтарын башкаруу багыты боюнча ой-пикир, кеңештеримди сиздерге сунуштоо болуп саналат”,-деди Акрам Мадумаров.

“Бизге айткан маанилүү маалыматтарыңызга ыраазычылымды билдирем жана сиз айткан иштер жакынкы аралыкта жемиштүү ишке ашып, жыйынтыгы натыйжалуу болооруна ишенем. Бүгүнкү күндө адам ресурстарын өнүктүрүү абдан маанилүү болуп жатат. Анткени, кадрлар кабыл алган маанилүү чечимдердин натыйжасында өлкөнүн экономикасы өнүгөт” – деди ал.

“Кореянын дүйнөдөгү достору” программасынын эксперти Ким Мён-Ки жакында “Мамлекеттик кызматты өнүктүрүү боюнча план” деген аталыштагы долбоорун сунуштарын айтты. Анда анын мамлекеттик кызмат менен бирге муниципалдык кызмат боюнча да иликтөөлөрү камтылган.

Жолугушуунун соңунда А. Мадумаров Ким Мён-Ки мырза менен тыгыз иш алып баруу керектигин баса белгилеп, жогорудагы долбоорду сунуштоо иш чарасына сөзсүз катышаарын айтып, иштерине ийгиликтерди каалоо менен бирге дайыма колдоо көрсөтөрүн билдирди.

Пикир

Оставить комментарий