• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Акрам Мадумаров: Социалдык көйгөйлөрдү жеңилдетүүдө ЮНИСЕФ ишенимдүү өнөктөшүбүз

Аймак 0

Бишкек. 12.04.19 /Кабар/. Баткен облусунун тургундарынын социалдык көйгөйлөрдү жеңилдетүүдө ЮНИСЕФ биздин ишенимдүү өнөктөшүбүз. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Акрам Мадумаров ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлдөрү менен жолуккан учурда билдирди.

Жолугушууга ЮНИСЕФ уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Юкиэ Мокуо, аталган уюмдун түштүк аймагы боюнча башчысы Эрадж Каниевдер баш болгон өкүлдөрү катышты.

Жолугушуунун алкагында балдар үчүн стратегиялык өнөктөштүктү кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Мектепке чейинки курактагы балдарды бала бакчага тартуу, балдардын жана энелердин өлүмүн кыскартуу, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү балдарды ар тараптуу калыптандыруу, чек аралаш аймактагы жаш жеткинчектердин ынтымагын бекемдөө жаатында мындан ары да биргеликте, тыгыз иш алып баруу жагы макулдашылды.

Ыйгарым укуктуу өкүл, облустагы социалдык көйгөйлөрдү чечүүдө жакындан жардам көрсөткөн ЮНИСЕФ уюму, Баткен облусунун ишенимдүү өнөктөшү экенин белгилеп, аталган уюмдун колдоосу менен облуста мектепке чейинки курактагы балдардын 41% бала бакчага тартылганын, балдардын жана энелердин өлүмү кыскарганын айтып,ыраазычылыгын билдирди.

Белгилей кетсек ЮНИСЕФ уюмунун колдоосу менен 2008-жылдан бери 30дан ашуун жамааттык балдар бакчалары ачылган болсо,Баткен шаарында, Баткен жана Лейлек райондорунда балдардын калыптандыруу борборлору жана Жаштар борборлору ачылган.

Мындан сырткары облустун билим берүү мекемелерине окуу китептери, саламаттыкты сактоо тармагына заманбап медициналык жабдуулар берилген.

Пикир

Оставить комментарий