• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Баткен жана Согди облустарынын башчылары жолугушту

Аймак 0

Бишкек. 26.04.19 /Кабар/. Бүгүн Баткен облусу менен Тажикстандын Согди облусунун делегациясы жолугушуп, эки өлкөнүн ортосундагы кызматташуу маселелерин талкуулашты. Жолугушуу Лейлек районунда өттү.

Кыргыз өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров менен Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмадзоданын жолугушуусуна чектеш аймактардын район-шаар башчылары жана укук коргоо кызматкерлери, аксакалдар менен жаштардын өкүлдөрү катышты.

Эки тарап ар тараптуу кызматташуу жана чек арадагы коомдук коопсуздукту камсыздоо тууралуу сүйлөшүштү.

Алгач Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмадзода, Акрам Мадумаровду жаңы кызмат орду менен куттуктап, аймактын өсүп өнүгүүсүнө багытталган жооптуу ишине ийгиликтерди каалап, эки элдин ынтымак ырашкерлигине, облустар аралык ар тараптуу кызматташты өнүктүрүүгө багытталган иш аракеттерин колдоо менен тыгыз кызматташтыкта иштешүүгө даяр экенин билдирди.

Ал эми ыйгарым укуктуу өкүл Акрам Мадумаров "Алыскы туугандан, жакынкы кошуна артык" дегендей, биз түбөлүктүү кошуна элбиз, келечек муунга элибиздин кылымдарды карыткан достугун, алакасын, татыктуу өткөрүп берүү парзыбызды ыйык сактап, кыргыз-тажик элинин биримдиги үчүн жандуу иш алып барабыз деди.

Чек аралаш облустун башчылары маданий, спорттук жана башка багыттагы иш чараларга өзгөчө маани берүү жана эки элдин ынтымагын, алакасын бекемдөөгө багытталган мындай иш чараларды, өзгөчө чек аралаш аймактарда, чыр чатак көп катталып жаткан айылдарда өткөрүү боюнча пикирлерин колдошту.

Ал эми кызматташуу жаатында, буга чейин Баткен облусу менен Согди облусунун ишкерлери менен өткөн бир катар жумушчу жолугушуулардагы айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү, курулуш материалдарын чыгаруу боюнча макулдашууларды ишке ашыруунун үстүндө кызматташууну улантуу боюнча макулдашылды.

Ошондой эле эки тарап, чек аралаш аймактарда жаралып жаткан көйгөйлөрдүн алдын алуу, чыр чатактарды болтурбоо маселелерин жергиликтүү деңгээлде чечүүгө жетишүү керектигин баса белгилешти.

Ал эми чек арада катталган акыркы окуяларга обьективдүү баа берүү үчүн эки тараптын күч түзүмдөрү биргелешип, тыгыз кызматташтыкта иш алып баруусу боюнча тапшырмалар коюлду.

Бүгүнкү жолугушуу Кыргызстан менен Тажикстандын 2018-2020-жж эки тараптуу кызматташуу планынын негизинде өттү.

Пикир

Оставить комментарий