• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Акрам Мадумаров вице-премьер-министр болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 12.02.20. /Кабар/. Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Мадумаров Акрам Камбаралиевич Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Эскерте кетсек, бүгүн Жогорку Кеңеште Акрам Мадумаровдун вице-премьер-министрлик кызматка талапкерлиги каралып, депутаттардын көпчүлүгү анын талапкерлигин жактырган – 97 макул, 1 каршы.

Буга чейин ал кызматты Жеңиш Разаков ээлеп келген. Ал өз каалоосу менен жазган арызына ылайык кызматтан бошотулган.

Пикир

Оставить комментарий