• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

АКШ адам укуктары боюнча жылдык баяндамасын жарыялады: Негизги көңүл СУАРга бурулган

Дүйнө 0

Бишкек. 14.03.19 /Кабар/. АКШнын Мамлекеттик департаменти дүйнөдөгү адам укуктарынын абалы тууралуу жылдык баяндамасын жарыялады. Быйыл негизги көңүл Кытайдын Синьцзян-Уйгур автоном районундагы (СУАР) адамдардын абалына бурулган.

АКШ баш болгон Батыш өлкөлөрү менен укук коргоо уюмдары Кытай мусулман жарандарын атайын лагерлерге камап, улуттук жана диний негизде тазалоо жүргүзүп жатканын белгилеп келишет.

Пекин болсо мындай аракетин экстремизмге каршы күрөш жүргүзүп жатканы менен түшүндүрүүдө. Кытай бийлиги ал лагерлерди кесиптик окуу борборлору деп атап, анда жарандар мамлекеттин мыйзамдарын билип, кытай тилин үйрөнүп чыгышарын билдирүүдө.

Буга чейин АКШ Мамлекеттик департаментинин башчысы Майк Помпео Вашингтон уйгурлардын укугун бузууга тиешеси бар кытайлык аткаминерлерге санкция киргизүү жолдорун караштырып жатканын айткан.

Баяндамада Орусияда өткөн былтыркы президенттик шайлоодо оппозициялык саясатчыларга талапкерлигин коюуга мүмкүнчүлүк берилбегени жазылган.

Пикир

Оставить комментарий