• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

АКШ Башар Асаддын күчтөрүн химиялык курал колдонууга айыптады

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек. 23.05.19 /Кабар/. АКШ Сирия президенти Башар Асаддын армиясын химиялык курал колдонууга айыптады. Бул тууралуу Мамлекеттик департаменттин өкүлү Морган Ортагус билдирди.

Вашингтондун пикиринде, өкмөттүк күчтөр 19-майда Идлиб провинциясында чабуул жасашкан. Маалыматтарга караганда, анда хлор толтурулган бомбалар колдонулган болушу ыктымал. Эгер бул божомолдор тастыкталса, Вашингтон “ыкчам жана тиешелүү деңгээлде” жооп кайтарарын билдирди.

Мамлекеттик департамент өкүлүнүн айтымында, ооруканалар, мектептер, качкындар лагерлери жана башка жарандык объектилер дагы соккуга кабылышкан. Вашингтон Идлибдеги чабуул ок атышууну токтотуу боюнча буга чейин кабыл алынган макулдашууларды одоно бузганын белгиледи.

2018-жылы сентябрда Орусия президенти Владимир Путин менен Түркия президенти Режеп Эрдогон Идлибде куралсыз зона түзүүгө макулдашкан. Анда АКШ президенти Дональд Трамп аймакта кандай гана чабуул болбосун жаңжалдын курчушуна алып келерин айткан.

Химиялык куралга тыюу салуу боюнча уюм Башар Асаддын күчтөрү химиялык курал колдонорун бир нече жолу тастыктаган. Москва менен Дамаск күнөөнү куралдуу оппозиция топторуна оодарып келет.

Сириядагы уруш 2011-жылдан бери уланууда. Согуштук аракеттерден улам жүз миңдеген киши каза тапты. Беш миллиондон ашуун сириялык жаран өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болду.

Пикир

Оставить комментарий