• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

АКШ Борбор Азия өлкөлөрү менен кызматташууну талкуулады

Дүйнө 0

Бишкек, 25.07.18. /Кабар/. АКШ өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү 20-23-июлда Казакстан жана Өзбекстанга келип, Борбор Азиядагы беш республиканын өкүлдөрү менен экономика жана коопсуздук маселелерин талкуулашты.

АКШ Мамлекеттик департаменти 23-июлда жолугушуу C5+1 форматында (Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Кошмо Штаттардын катышуусунда) өткөнүн билдирди.

C5+1 аймактык дипломатиялык платформа болуп эсептелет. Анын алкагында АКШ жана борборазиялык беш мамлекет экономикалык интеграция, айлана-чөйрөнү коргоо, коопсуздук тармагындагы кызматташууну бекемдөө максатында иш алып барат.

АКШ мамлекеттик катчысынын экономикалык жана ишкерлик маселелери боюнча кеңешчиси Маниша Сингх 20-июлда экономикалык байланыштар боюнча жумуш тобун Алматыга баштап келген.

Мамлекеттик катчынын Борбор Азия боюнча жардамчы орун басары Генри Эншер айлана-чөйрөнү коргоо делегациясын башкарган. Жолугушуулар учурунда С5+1 форматына арналган Борбор Азия аймактык энергетикалык базарынын (CAREM) долбоору тааныштырылган.

Пикир

Оставить комментарий