• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

АКШ деңиз жөө аскерлери Бишкектин SOS балдар айылына оюнчуктарды белек кылышты

Коом 0

Бишкек, 20.12.19. /Кабар/. АКШ деңиз жөө аскерлери Кыргызстандагы ата-энесиз калган балдардын камын көргөн Бишкектеги SOS балдар айылы бейөкмөт уюмундагы балдарга АКШ элчилигинин жамааты чогулткан оюнчуктарды жана башка керектүү буюмдарды жеткирип беришти. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилигинен кабарлашты.

Буюмдар кайрымдуулук максатында жыл сайын бүткүл дүйнө жүзүндө өтүүчү «Бөбөктөргө арналган оюнчуктар» аттуу долбоордун алкагында 2019-жылдын 14-декабрында тапшырылган.

Балдар АКШ деңиз жөө аскерлерине кыргыз маданияты тууралуу баяндап, «Манас» эпосунан үзүндү айтып беришип, «Ордо» оюнун көрсөтүп, ыраазычылык билдиришти. Соңунда АКШ жөө аскерлери балдар менен бирге «Кара жорго» бийин бийлешти.

«Майрамдар жакындаган сайын коомдун бир бөлүгү болуу канчалык маанилүү экени биздин оюбузга түштү», - деди АКШ аскерлеринин бири. «Биз «бөбөктөргө арналган оюнчуктар» долбоорунун кубанычын Бишкекте жайылтууга мүмкүнчүлүгүз бар экенине чоң кубанычтабыз».

АКШ элчилиги быйылкы жылдагы долбоорго кошкон салымдары үчүн АКШ жана Кыргызстан жарандарына терең ыраазычылыгын билдирет.

Пикир

Оставить комментарий