• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

АКШ элчилиги 400дөн ашуун жаштарды жана майыптыгы бар адамдарды IT багытында окутууда

Коом 0

Бишкек, 01.10.21. /Кабар/. Бүгүн, 1-октябрда АКШ колдогон «Чыгармачыл кесиптер академиясы» жумуш жана билим алуу мүмкүнчүлүгү чектелген 400дөн ашуун жумушсуз жаштарга жана майыптыгы бар адамдарга бекер виртуалдык курстарды жана IT жөндөмдөрүн сунуштаган долбоордун жабылышын уюштурду.

АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз кызматы билдиргендей, долбоордун катышуучулары 18-30 жаштагы Талас, Ош, Жалал-Абад, Нарын жана Чүй облустарынын тургундары. «Чыгармачыл кесиптер академиясы» АКШнын Кыргызстандагы элчилиги менен “Sun People” коомдук фонду тарабынан биргеликте ишке ашырылган.

Жабылыш аземинде АКШ элчилигинин коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн жетекчиси Шейна Крэм АКШнын Кыргызстандын жаштарына жана өнүгүп жаткан IT тармагына колдоо көрсөтүп жатканын баса белгиледи. «Чыгармачылык кесиптер академиясы алыскы региондордон келген жаш кыздар менен балдарга, жана майыптыгы бар адамдарга IT чеберчилиги жана жаңы кесипке ээ болуу үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылат», - деп кошумчалады ал.

Конкурстун алкагында жабылуу иш-чаранын жүрүшүндө эң таланттуу 15 катышуучу өз эмгектерин тартуулашты. Бул сынактын жыйынтыгында долбоордун өкүлдөрү жана жеке компаниялар тарабынан биринчи, экинчи жана үчүнчү орундун ээлери тандалып, сыйлыктар менен сыйланышты. Жабылуу аземине катышкан бардык 15 катышуучу жеке компаниялар менен стажировка программалары мене таанышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Долбоор жазуу жүзүндөгү арызды жана интервьюларды камтыган конкурстук арыз берүү процесси аркылуу графикалык дизайн, санариптик маркетинг жана видео өндүрүү боюнча акысыз виртуалдык үч айлык курстарды камтыган. Курстун бүтүрүүчүлөрү аяктагандыгы тууралуу сертификаттарды алышты жана алардын жаңы жөндөмдөрү аларга жаңы карьералык жолдорду жана стажировкаларды табууга мүмкүнчүлүк берет.

Чыгармачыл кесиптер академиясы жөнүндө көбүрөөк маалымат алуу үчүн:

https://www.facebook.com/creative.academy.kg

https://www.instagram.com/creative.academy.kg

Пикир

Оставить комментарий