• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

АКШ элчилиги Бишкектеги абанын сапаты тууралуу маалыматты жарыялайт

Коом 0

Бишкек. 03.05.19 /Кабар/. АКШ Кыргызстанды элчилиги Бишкектеги абанын сапаты тууралуу маалыматты жарыялайт. Ал үчүн элчиликтин короосунда абанын сапатынын текшерип, мониторинг жүргүзгөн жаңы техника орнотулду.

Борбор калаадагы абанын сапаты тууралуу маалымат https://www.airnow.gov/index.cfm?action=airnow.global_summary сайтына жарыяланып, бардыгына жеткиликтүү.

"Бул аба монитор абаны жана айлана-чөйрөнү жакшыртууга багытталган күч-аракеттерди колдоо иретиндеги АКШ тарабынан көрсөтүлгөн ири аракетинин бир бөлүгү болуп эсептелет, – деди Американын элчиси Дональд Лу. – Биз бул өлкөнүн ажайып жаратылышын коргоо үчүн Кыргызстандын эли менен бирге мындан ары да өз ара кызматташууга даярбыз".

Аталган демилге АКШнын чет өлкөлөрдөгү 30 дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө, анын ичинде Борбор жана Түштүк Азияда, аба сапатынын мониторингин жүргүзүүдөгү америкалык жакшы натыйжалуу тажрыйбаны таркатууга багытталган аракеттердин алкагында ишке ашырылууда.

Кыргызгидромет менен Курчап турган чөйрөнү коргоо жана экологиялык коопсуздук мамлекеттик агенттигинин өкүлдөрү аба сапатына мониторинг кылуучу шаймандарды, аларды орнотуу жана сынап иштетүү учурунда карап чыгып, алардын мүмкүнчүлүктөрүн америкалык адистер менен талкуулашкан.

АКШ элчилиги Кыргыз өкмөтү менен биргеликте чынында глобалдык көйгөйгө айланган аба сапаты маселеси боюнча техникалык алмашуу мүмкүнчүлүктөрүн кароону улантат.

Текшерүүдөн өткөн жогорку сапаттагы монитор 2,5 микрондон кичирээк (PM2,5аталган) майда заттардын бөлүктөрүн топтолушунун көрсөткүчүн тастыктап Бишкек шаарындагы абанын сапатына көз салуудагы негизге баалуу салымын кошот.

Бишкектеги аба сапатын текшерүүнүн элчиликте алынган маалыматтары AirNow веб-сайтында АКШда кабыл алынган аба сапатынын индексинде (AQI) көрсөтүлөт. PM2,5 булгоочу майда заттардын бөлүктөрүнүн топтолушунун көрсөткүчүнүн баштапкы маалыматтары да AirNow баракчасында берилген.

Тиркелген жадыбалда AQI көрсөткүчтөр ден соолукка зыян алып келүүсү мүмкүндүгүнө жараша бир нече баскычка бөлүнөт, ал эми ар түстөгү белгилери бар график ар бир баскычка тийиштүү ден соолукка залака алып келүү мүмкүнчүлүгүнө байланыштуу чара көрүү насааттарын өзүнө камтыйт.

Абанын сапаты тууралуу мындай маалымат коомчулукка өз саламаттыгын сактоо чараларын көрүүгө мүмкүндүк берет. PM2,5 бөлүкчөлөрүнүн ченем өлчөмү дүйнө жүзүндө эң кеңири тарагандардын бири, анткени дал ушул ченемдеги бөлүкчөлөр саламаттыкка бир катар терс таасирин тийгизет.

Пикир

Оставить комментарий