• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

АКШ элчилиги декабрда катардагы визалык кызматтарды көрсөтүүнү кайрадан улантат

Коом 0

Бишкек, 06.11.21. /Кабар/. АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин консулдук бөлүмү 2021-жылдын 1-декабрынан баштап визалардын бардык түрүнө байланыштуу визалык интервьюларга кезекке турууну ачат. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы билдирет.

Виза алууга кайрылгандардын жана кызматкерлердин ден соолугун жана коопсуздугун камсыз кылуу үчүн, кабыл алууну чектөө, социалдык аралыкты бекем сактоо жана беткап тагынуу протоколдору элчиликке келген бардык коноктор үчүн күчүндө болот.

«Кыргыз Республикасы менен Америка Кошмо Штаттарынын ортосундагы мамилелердин өзөгүн биздин элдердин ортосундагы байланыштар түзөт. Туризм жана бизнес үчүн, анын ичинде катардагы виза кызматтарын сунуштай алганыбызга абдан кубанычтабыз. Бул кызматтардын кайра жанданышы биздин жакын достугубуздун өөрчүшүн колдоого жардам берет жана биз декабрда өнөктөштүктүн 30 жылдыгын белгилей турган ыңгайлуу учурга туура келет», - деп белгиледи АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин Убактылуу ишенимдүү өкүлү Соната Коултер.

Визага кызыккан талапкерлер биздин веб-баракчадагы арыз талаптарын жана башка маалыматты карап чыгып, интервьюга бул жерден кезекке турса болот. Көңүл буруңуздар, дүйшөмбү күнү, 8-ноябрдан тарта АКШга кирүү үчүн саякатка коюлган талаптар өзгөрөт. Чет элдик саякатчылардан FDA тарабынан тастыкталган же уруксат берилген вакцина, же Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун өзгөчө кырдаалдарда колдонуу тизмесине киргизген вакцина менен COVIDге каршы эмдөөнүн далилин көрсөтүү талап кылынат. Учурдагы талаптар боюнча акыркы маалыматты CDCнин COVID-19 веб-сайтынан тапса болот.

АКШ элчилиги 2020-жылдын март айында Мамлекеттик департаменттин COVID-19 башталгандагы көрсөтмөлөрүнөн улам катардагы визалык интервьюларды токтоткон. Мамлекеттик департаменттин учурдагы көрсөтмөлөрү АКШ элчилигине COVID-19га каршы катуу коопсуздук чараларын сактоо менен визалык интервьюларды улантууга мүмкүндүк берет.

Пикир

Оставить комментарий