• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

АКШ элчилиги FactCheck.kg сайтынын башкы редакторуна болгон кол салууну сынга алды

Коом 0

Бишкек, 10.01.20. /Кабар/. Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы элчилиги FactCheck.kg сайтынын башкы редактору Болот Темировго болгон кол салуу боюнча билдирүү жасады.

"Америка Кошмо Штаттарынын Бишкектеги элчилиги 9-январь күнү FactCheck.kg сайтынын баш редактору Болот Темировго болгон кол салууну сындайт. Биз, бул кол салууну сынга алып жана тез иликтөөгө чакырган президент Сооронбай Жээнбековдун аппаратына бир пикирдебиз", - деп айтылат маалыматта.

Элчиликтен белгилешкендей, жалпыга маалымдоо каражаттары, журналисттер коркутуп-үркүтүүгө кабылбай иш алып барган учурда гана эркин болууга мүмкүндүк алышат. Окуянын так иликтенип жана кол салууга күнөөлүүлөрдүн кечиктирилбестен жоопко тартылышы, Кыргыз Республикасынын өз демократиялык баалуулуктарын жана эркин жана ачык басма сөздү коргоо салтын улантуусунда чоң мааниге ээ.

Эскерте кетсек, кечээ, 9-декабрь күнү Бишкекте "FactCheck" сайтынын башкы редактору Болот Темиров белгисиз үч адам сабалган. Ал тууралуу FactCheck`тин Фейсбуктагы расмий баракчасында айтылган.

"Бүгүн түшкө маал FactCheck KG башкы редактору Болот Темиров сабалды. Үч белгисиз жигит басылманын кеңсесинин жанынан журналистке кол салып, телефонун алып кетишкен", - деп жазылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий