• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

АКШ элчилиги жумушсуз кыргызстандыктар үчүн акысыз IT курстарын баштайт

Коом 0

Бишкек, 24.11.20. /Кабар/. АКШ элчилиги жумушсуз кыргызстандыктар үчүн акысыз IT курстарын баштайт.

АКШнын Кыргызстандагы элчилигинен билдиришкендей, 24-ноябрда Чыгармачыл кесиптер академиясы Талас, Ош, Жалал-Абад, Нарын жана Чүй облустарында жашаган жумуш же билим алуу мүмкүнчүлүктөрү аз болгон 300 жумушсуз жаштар жана майыптыгы бар адамдар үчүн жумуш табууга пайдалуу акысыз виртуалдык курстарды өткөрөт.

Чыгармачыл кесиптер академиясы АКШнын Кыргызстандагы элчилиги менен биргеликте "Fund Sun People" коомдук фонду тарабынан ишке ашырылууда.

Чыгармачыл кесиптер академиясы виртуалдык үч айлык курстарды графикалык дизайн боюнча, санариптик маркетинг жана видео өндүрүш боюнча курстарды өткөрөт. Бул үч курстун ар бири беш облустан келген 100 катышуучуга билим берет. Катышуучулардын жарымы майыптыгы бар адамдар.

Катышуучулар сертификаттарды алышат жана жаңы квалификациялары аларга жаңы жумуш табууга мүмкүнчүлүк берет. Эң таланттуу 15 катышуучу 2021-жылдын август айында Чыгармачыл кесиптер академиясынын жыйынтыктоочу форумунун жүрүшүндө өздөрүнүн иштерин көрсөтүшөт.

Графикалык дизайн курсуна катышуу үчүн табыштамаларды кабыл алуу 2020-жылдын 16- ноябрында токтоду. Графикалык дизайн курсунун катышуучулары конкурстун негизинде тандалып алынган, анын ичине жазуу жүзүндөгү анкета толтуруу жана маектешүүлөр кирген. 2021-жылдын 10-январынан баштап кызыккан талапкерлер февралдан апрелге чейин уюштурула турган санариптик маркетинг курсуна тапшыра алышат, ал эми 2021-жылдын 10-апрелинен баштап майдан июлга чейин боло турган видео өндүрүш боюнча курска табыштама жөнөтө алышат.

Тапшыруучулар www.creative-academy.kg сайты аркылуу табыштама тапшыра алышат.

Чыгармачыл кесиптер академиясы жөнүндө көбүрөөк маалымат алуу үчүн:

https://www.facebook.com/creative.academy.kg

https://www.instagram.com/creative.academy.kg

Creative Academy

creative-academy.kg

Пикир

Оставить комментарий