• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

АКШ Элчилигинин Жаңы Жылдык куттуктоосу!

Коом 0

Бишкек, 05.01.17 /Кабар/. Жаңы Жылдын алдында Кыргызстандагы АКШнын Элчилиги кыргызстандыктарга кайрылып, жаңы жылдык куттутоосун тараткан. Төмөндө АКШнын Кыргызстандагы иштери боюнча ишенимдүү өкүлү Алан Мельцердин куттуктоосу толугу менен келтирилген:

Кыргыз Республикасы жана Америка Кошмо Штаттары:өнөктөштүгүбүздүн жыйынтыгына көз салуу

Жаңы жылдык майрамдар убакытты жайлатып, айрымдардын эс алып күчтөнүүсү жана жашоонун бакубат мезгилин эң жакындар жана жакынадамдар менен өткөрүү үчүн жаралгандай. Менимче, арабыздан көптөрүбүз, кыргыздар менен америкалыктар сымал, өткөн 12 айга көз салып, аны жыйынтыктап, жетишкендиктерди белгилеп, достук алакабызды баалап, жана учурдан пайдаланып, алдыдагы жылга коюлган максаттарды аныктоодо.

Кыргыз Республикасында бул жыл окуяларга мол жылдардан болду, бир айдан көбүрөөк убакыт мурун, Президент Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясы өттү. Президент Сооронбай Жээнбеков Борбор Азия тарыхындагы демократиялык жол менен шайланган башка президенттен кийин бийликти өткөрүп алган биринчи президент болду жана булКыргыз Республикасынын эгемендикке ээ болгондон бери жеткен жетишкендиктерине дагы бир далил болду. Шаайлоого жапырт катышкан калыңкалк,тартиптүү добуш берүүнү уюштурган шайлоого жоопкер кызматкерлерден тартып, бардык демократиялык мамлекеттердегидей эле көзөмөлдү камсыздаган жарандык коом өкүлдөрү—анын ичинде массалык маалымат каражаттарына чейин—бүткүл кыргыз эли мактоого татыктуу. Биз ошондой эле Борбордук шайлоо комиссиясы жана Мамлекеттик каттоо кызматы менен узак мөөнөт өнөктөштүгүбүз менен сыймыктанабыз-бул кызматташтык добуш берүүнү жогору сапатта жүргүзүүгө жана шайлоону ийгиликтүү өткөрүүгө жардамын берди. Биз Президент Жээнбековго жаңы кызматында албан ийгиликтерди каалайбыз. Америка Кошмо Штаттары Президент Жээнбеков жана анын аппараты менен Жаңы жылда, Кыргыз Республикасынын уланып жаткан экономикалык жана саясий өнүгүүсүн колдоп, бирге иштешүүгө ниеттенет.

Бул жылы бизАмерика Кошмо Штаттарыжана Кыргыз Республикасы ортосундагы тыгыз соода жана коммерциялык байланышты бекемдөөнүилгерилеттик. Биз кыргызстандык өнөктөштөрүбүз жана досторубуз менен болгон узакка созулган мамилелерибиз сыйымдуу жыйынтыкка алып келгенине кубанычтабыз: алар жаңы соода өнөктөштөрдүн пайда болушу, туристтер агымынын кеңейиши, заманбап өндүрүш технологияларынын киргизилиши жанаайыл-чарбада түшүмдөрдүнөсүшү. Мисалы, жай айларында тарыхта биринчи ирет АКШ соода делегациясы Бишкекке келип, бир катар америкалык ишкерлерге кыргызстандык компаниялар менен жаңы мамиле түзүү мүмкүнчүлүгү ачылганына кубандык. АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) жыл сайын Алматы шаарында өтүүчү, бул ирет аймактагы 1,100 бизнес жана мамлекет лидерлерин жаңы ишкердүүлүк мүмкүнчүлүктөрүн аныктоо үчүн жолугуштурган Борбор азиялык соода форумун кайрадан колдопберди. Бул байланыштар, анын ичинде форумда КыргызРеспубликанын күчтүү делегациясы катышканы -- жаңы жылда инвестициялар менен сооданын көлөмүн өстүрүп, өзгөчө көбүрөөк америкалык компаниялардын Кыргыз республикасында иш алып баруусуна негиз түзүп берет деп үмүттөнөбүз.

USAID өлкөнүн экономикалык потенциалын бекемдөөнү улантты. Кыргызстандын бай маданиятын, табияттын кайталангыс кооздугунжана меймандостук салтын ойго алып, биз өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнө жол салган ачкыч туризм деп ишенебиз. USAID Лондон, Стамбул, Берлинден тартып, Москва, Алматы, Мадрид жана Ташкентте чейин өткөн эл аралык туристтик көргөзмөлөрдөКыргыз Республикасынын катышуусун колдогон. Ошондой эле, туристттердин санын көбөйтүп, алардын өлкөдө узагыраак туруусу үчүн Жыргалаң, Каракол, Нарын, Ош жана Ысык-Көлдүн түштүк жээгинде жайгашкан туристтик багытында иш алып барган жергиликтүү уюмдар менен кызматташкан. Өзүмдү айтканда, Каракол туристтик багытында иш алып барган топтун ойлоп тапкан сейилдик сунуштары, өзгөчө дунган айылына барып, салттуу кечки тамак менен аяктаган сапарым эстен кеткис болду. Бул аракеттердин жыйынтыгында, Кыргыз Республикасынын туристтик тармагындагы биздин чакан өнөктөштөрүбүздүн кирешелери бул жылы эки эсе жогорулады. Бул - иштин башталышы гана.

USAID жергиликтүү кийим тигүүчү ишканалардын кубаттуулугун жана сапатын жогорулатууга багытталган аракеттери, алардын, адаттагы жергиликтүү базарга ыкталган багытына караганда кыйла чоң болгон Россиянын жана Европанын ири соода түйүндөрү менен контракттарды жеңип алууга мүмкүндүк берди. Ошондой элеUSAIDчакан фермерлерге түшүмдү жогорулатууга жардам берди жанажеке менчик компаниялар менен кызматташуу алкагында айыл-чарба продукцияларын жыйноо, сактоо жана иштетүү комплекстерин курууну колдоду. Иштетүүчү компаниялардын бири АКШ базарына наркы 1 миллион доллар турган көлөмдөгү, Кыргызстандын сыймыгы, кургатылган мөмөлөрдү жөнөтүүгө келишимге кол койду. Бул Кыргыз Республикасы менен АКШ ортосундагы узакка созула турган жемиштүү байланыштын башаты деп үмүттөнөбүз. Мунун баары кыргызстандык үй-бүлөлөрдүн кирешелеринин өстү дегенди билдирет жана мындан да туруктуу экономиканын калыптанышынаөбөлгө түзөт.

Келечекте жакшы билим алуунун негизин эне тилинде эркин окуу түзгөндүктөн, кыргызстандык балдардын билим алуусу мыкты башталсын деп USAID Билим берүү жана илим министрлигинин башталгычкласстарда китеп окуу ыкмасын жогорулатуу максатын колдоду. 2013-жылдан бери USAID Министрлик менен биргеликтекитеп окууну үйрөтүү программасын иштеп чыгып окууну өнүктүрүү үчүн өлкө боюнча 10,000 мугалимди машыгуудан өткөргөн. Китеп окуу ыкмасын жогорулатуу үчүн жогору сапаттагы кыргыз тилиндеги окуу материал-жабдыктардын да жеткиликтүүлүгү маанилүү. Бул максатта АКШ өкмөтү 421,600 дөн ашуун даана кыргыз тилиндеги китептерди жалпы өлкө боюнча 2,000 ден ашуун коомдук жана мектеп китепканаларына сыймыктануу менен өткөрүп берген. Бул долбоор аяктаганга чейин, өлкөдөгү ар бир башталгыч мектеп жана коомдук китепкана кыргыз тилиндеги балдар китептеринин жыйнактары менен камсыз кылынат.

Достук ачык баарлашуудан улам гүлдөп өрчүйт. Ошондуктан Кыргыз өкмөтүнүн мектептерде бешинчи класстан баштап англис тил сабактарынын санын жумасына беш саатка жеткирүү максатына багытталган иш-аракеттери боюнча кызматташканыбызга абдан кубанычтабыз. Кыргыз өкмөтүнүн англис тилинде сүйлөө Кыргызстандын жаңы муундун глобалдык экономикада атаандаштык жөндөмдүүлүгүн күчөткөнгө жардам жана, ошондой эле, бул ажайып кооз өлкөгө туристтерди тартуунун зарыл аспабы деген көз карашына биз да тилектешбиз. Бул багытта Тынчтык корпусубуздун 70 ыктыярчылары да аракетенип, өздөрүнүн кыргыз кесиптештери менен биргеликте өлкөдөгү англис тил сабактарын берүүнү жакшыртууга бел байлашууда. Кээ бир учурларда, жумасына беш саат англис тилин окуп баштаган бешинчи класстын окуучулары билимин тез өркүндөтүп, өзүнөн улуу окуучуларды ашып түшүүдө! Тынчтык корпусунун ыктыярчылары кыргызстандык жогорку класстардын көптөгөн окуучуларына, дээрлик 100 кыргыз мектеп окуучуларын жыл сайын академиялык алмашуу аркылуу окууга АКШга аттандырган, Келечек лидерлери алмашуу долбоору сымал, өмүрүн өзгөртүүчү чет элдик алмашуу мүмкүнчүлүктөрүн жеңип алууга жардам берген. Мен дайыма ушул долбоорлор боюнча барып окуп келген студенттерге аябай таң берем, алардын аң-сезими жана алардын келечекке койгон максаттары эбегейсиз кеңейип келет.

Андан тышкарыБишкек, Жалал-Абад, Кант, Каракол, Нарын, Ош жана Талас шаарларындагы биздин Америка борборлорубуз тил жана маданий мүмкүнчүлүктөрдү ачып келет. Бул жети Америка борборубузбыйылболжол менен 600,000 мейманды - студенттерди, мектеп окуучуларын, мугалимдерди жана башкаларды - кабыл алды. Биз китепканаларды, акысыз англис тил сабактарын, жайкы жаштар лагерлерин жана интернет байланышын кубаныч менен сунуштайбыз. Өлкөнүн бардык аймактарында сунушталган акысыз англис тил курстарында окуган он миңдеген студенттердин билимге умтулуусу мени шыктандырат.

Достук, ошондой эле, биргелешкен тажрыйба аркылуу өркүндөйт. Бир эле мисал: Вашингтон штатынын Шелан аймагы жана Ысык Көл обласы алардын окшош айыл-чарбасына басым кылган экономикаларынын негизинде “бир туугандык аймак” алака катнашын түзүп алышты. АКШ Элчилиги бул уникалдуу мүмкүнчүлүктү баса белгилеп, Вашингтон штатына “Алма Штаты” аттуу программаны даярдоо үчүн кыргыз телеберүү тобун жөнөтүп, ал ЭлТР жана башка телеканалдар аркылуу тартууланган. Мен билгендей, бул өнөктөштүктүн алкагында алдыда дагы боло турган сапарлар тууралуу кеп жүрүүдө жана бул аталган жана башка эл ортосундагы байланыштардын 2018-жылы мындан ары өнүгүшү тууралуу кабарлайт.

Жаңы жылды карай көз салып караганда, Кыргыз Республикасынын жана Америка Кошмо Штаттарынын узакка созулган өнөктөштүгү дагы да өсүп өнүгүүсүн улантат деп үмүттөнөм. Биз эки тараптык мамилени өркүндөтүү жана элдерибиздин ортосундагы чыныгы достукту бекемдөө максатында Президент Сооронбай Жээнбеков жана Кыргызстан өкмөтү менен биргелешип кызматташууга ынтызарбыз.

Келе жаткан 2018-жыл бардык кыргызстандыктар үчүн туруктуу, бакубат жана бакыт-таалайлуу жылдардан болсун!

Төмөнкү шилтемеден өтүп АКШнын Кыргызстандагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Алан Мельтцердин жаңы жылдык куттуктоосун көрүңүз. Ал белгилүү ырдын үзүндү кыргыз тилинде окуйт. https://goo.gl/jk7Pka

Пикир

Оставить комментарий