• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

АКШ элчиси Ош облусуна барды

Аймак 0

Ош, 19-июнь /Ерлан Тургунбаев –Кабар/. Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкмөттүн өкүлү Таалайбек Сарыбашев 15-июнда АКШнын Кыргызстандагы элчиси Шейла Гуолтни менен жолугушту. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.

Өкүл менен жолугушуу учурунда АКШ Кыргызстандын эгемендүүлүгүн алгачкылардан болуп тааныган өлкө экендигин облус башчысы белгиледи. “Эки өлкөнүн ортосунда жемиштүү кызматташуу жүрүп жатат,өзгөчө белгилеп кетчү нерсе, эл аралык USAID уюмунун айланасындагы айыл чарба иштери өз жемишин берип келет. Өзгөчө билим берүү, туризм жана өнөр жайды кайра иштетүү маселелеринин айланасында кызматташууга биз кызыкдарбыз. Эгер сиздер тараптагы ишкерлер биздин аймактарга инвестиция кылууну кааласа, анда биз ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даярбыз. Ишкерлерге биз акысыз кеңеш берүү жардамын көргөзөбүз. Ошондой эле, USAID колдоосу менен биргеликте “Ишкерлерге колдоо көрсөтүү" долбоору иштеп жатат. Биздин эшигибиз сиздер үчүн ар дайым ачык жана биргеликте иштешүүгө даярбыз”,- деп Сарыбашов билдирди.

Өз кезегинде АКШнын өкүлү облус башчысынын жылуу мамилесине ыраазы болуп, Кыргызстандын жаратылышынан жана Сулайман –Тоосунан таасирленгендигин билдирди. “Азыркы учурда Кыргызстандын өсүп-өнүгүп жаткандыгы мени кубандырат. Биз Кыргызстандын ар дайым демократия жолунда өнүгүшүнө тилектешпиз. Ошондой эле, президентибиз Дональд Трамптын атынан Өзгөн районундагы табигый кырсыктан жабыр тарткандарга көңүл айтам жана мындан кийин мындай кырсыктар болбошуна тилектешпиз. Өлкөлөр ортосундагы мындан кийинки эки тараптуу кызматташуу бекемдешин жана өсүшүн каалайм", -деди Гуолтни.

Пикир

Оставить комментарий