• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

АКШ Гүлнара Каримованы пара алган деп айыптады

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 11.03.19. /Кабар/. АКШ бийлиги биринчи өзбек президенти, маркум Ислам Каримовдун тун кызы Гүлнара Каримова менен орусиялык "МТС" телекоммуникация компаниясынын Өзбекстандагы өкүлчүлүгүнүн мурдагы жетекчиси Бекзод Ахмедовго "865 миллион доллар пара алган жана анын изин жашырган" деген айып такты.

Бул тууралуу Нью-Йорктун прокуратурасы билдирди.

Прокуратуранын маалыматына караганда, 2000-жылдарда Ахметов Өзбекстандын рыногуна чыгууну каалаган байланыш компаниялардан пара талап кылган. Гүлнара Каримова алар менен келишим түзүү үчүн өзүнүн абалынан пайдаланган.

АКШнын Юстиция министрлиги жана Баалуу кагаздар комиссиясы Өзбекстандын телекоммуникация базарындагы коррупцияны иликтеп жатат. Анда орусиялык "МТС", швециялык "Telia Company AB" ( мурдагы "TelisSonera") жана Орусиядагы "Вымпелком" ишканасынын акцияларына ээлик кылган "Veon" компаниясынын бул ишке байланышы иликтенүүдө. Аталган компаниялардын акциялары АКШнын фондулук биржаларында сатылган.

7-мартта "МТС" АКШ менен келишим түзүп, Өзбекстанда иштөө үчүн пара берүү фактысы боюнча Вашингтонго 850 миллион доллар айып пул төлөй турган болгон.

Пикир

Оставить комментарий