• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

АКШ Иранга карата санкция жарыялады

Дүйнө 0

Бишкек, 05.11.19. /Кабар/. АКШнын Каржы министрлиги Иранга каршы санкцияны кеңейтти. Тизмеге аятолла Али Хаменеинин айланасындагы тогуз аткаминер жана Иран Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабы киргизилди.

АКШнын каржы министри Стивен Мнучин санкциялык тизмеге илинген кишилер чет өлкөлөрдөгү америкалык объектилерге кол салууга жана Иран жарандарын кыйноого, өлтүрүүгө тиешеси бар деп эсептейт.

Алардын катарында Хаменеинин уулу Можтаб, башкы штабдын башчысы, генерал Мохаммад Багери, Хаменеинин администрациясынын жетекчиси Мохаммад Голпаегани жана иран лидеринин “оң колу” деп эсептелген Вахид Хаганиан бар.

Санкция тууралуу билдирүү Ислам революциясынан кийин Тегерандагы АКШ элчилигинин имараты басып алынып, ондогон америкалык жаран барымтага алынган окуянын 40 жылдыгында жарыяланды.

Дүйшөмбүдө АКШнын бийлиги 11 жыл мурун Иранда жоголуп кеткен ФБРдин мурдагы агенти Роберт Левинсон тууралуу маалымат бергендерге 20 миллион доллар сыйакы убада кылды.

Пикир

Оставить комментарий