• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

АКШ компаниясы Кыргызстан менен Казакстанда ресторандар түйүнүн ачат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

БИШКЕК, 25.08.17. /Кабар/. Башкы кеңсеси АКШнын Кентукки штатында жайгашкан Papa John’s эл арарык ресторандар түйүнү Кыргызстан менен Казакстандын базарына кирүүгө мүмкүндүк берген макулдашууга кол коюлганын билдирди.

Макулдашууга ылайык, жакынкы беш жылдын ичинде Казакстанда 16 ресторан ачылса, алгачкысы бир нече айдан кийин Алматыда ишин баштайт. Андан сырткары компаниянын жакынкы үч жылда Бишкекте алты ресторан ачуу планы бар. Биринчиси ушул жылдын аягына чейин кардарларды тейлей баштайт деп күтүлүүдө.

Ошондой эле америкалык компания кийинки жылдан тарта Польшада 23 ресторан ачууну пландап жатканын билдирди. «Биздин Орусиядагы ийгилигибиз Казакстанда, Кыргызстанда жана Польшада дагы кайталанат деп ишенебиз», - деди ресторандарды ачуу менен алектенген PJ Western компаниясынын ээси жана аткаруучу директору Крис Уинн.

Пикир

Оставить комментарий