• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

АКШ Конгресси Түркияга санкция киргизүү резолюциясын жактырды

Дүйнө 0

Бишкек, 31.10.19. /Кабар/. АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасы Түркияга каршы санкция киргизүү резолюциясын жактырды.

Документте түрк аскерлеринин Сириядагы күрддөргө каршы операциясына байланыштуу Анкарага чектөөлөрдү киргизүү чакырыгы жазылган.

Ошол эле маалда The Hill басылмасы Түркияга жаңы санкцияларды киргизүүнү АКШнын Сенаты колдобошу мүмкүндүгүн билдирүүдө. Мурдараак айрым Сенат мүчөлөрү Вашингтондун НАТО боюнча өнөктөшүнө карата мындай чараларды көрүшү кооптуу экенин белгилешкен.

Трамп буга чейин Түркияга каршы бир катар чектөөлөрдү киргизген. Бирок Анкара Сириядагы аскердик операциясын токтотууга макул болгондон кийин санкциялар кайра алынган.

Пикир

Оставить комментарий