• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

АКШ коронавируска каршы Pfizer вакцинасын толугу менен жактырды

Дүйнө 0

Бишкек, 24.08.21. /Кабар/. АКШда америкалык Pfizer жана германиялык BioNTech компаниялары иштеп чыккан вакциналарды 16 жаштан жогорку кишилерге колдонууга толугу менен уруксат берилди.

Pfizer вакцинасы АКШ жана башка өлкөлөрдө жигердүү колдонулууда. Бирок Кошмо Штаттар бир катар чектөөлөрдү киргизип, аны өзгөчө кырдаалдар учурунда гана колдонууга уруксат берген.

АКШда 200 миллиондой киши Pfizer вакцинасын алды. Мындан бөлөк Кошмо Штаттарда Moderna менен Johnson&Johnson вакциналары да колдонулууда. Жалпысынан бул бул өлкөдө 350 миллион адам вакцина алды.

Соңку апталарда АКШда коронавирус жуктурган кишилердин саны көбөйүүдө. Бул вирустун “дельта” штаммынын кеңири тарашы менен байланыштырылууда. Вакцина өлүмдү азайтууга жардам берери айтылууда.

Пикир

Оставить комментарий