• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

АКШ коронавирустун жайылышын алдын алуу максатында Кыргызстанга гуманитардык жардам жөнөтөт

Коом 0

Бишкек, 21.02.20. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. АКШ коронавирустун жайылышын алдын алуу максатында Кыргызстанга гуманитардык жардам жөнөтөт. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Абдрахманов билдирди.

Анын айтымында, аталган илдеттин жайылышына бөгөт кое турган медициналык каражаттар жиберилет.

"Кыргызстанга бир жолу колдонуучу беткап, колкап, көз айнек, чатыр жана зыянсыздандыруучу каражаттар келүүсү күтүлүүдө. Учурда гумжардамдын жиберүү убактысы талкууланууда", - деди Абдрахманов.

Пикир

Оставить комментарий