• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

АКШ Кыргызстанда COVID-19га каршы күрөшүү үчүн 1 млн долларлык меджабдууларды берди

COVID - 19 0

Бишкек, 28.07.21. /Кабар/. АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) Бишкек, Чүй жана Ош облустарындагы беш ооруканага жана үч үй-бүлөлүк медицина борборуна медициналык жабдууларды тапшырды. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, меджабдуулардын арасында кычкылтек концентраторлору, мобилдик рентген аппараттары, тоңдургучтар жана башка жабдуулар орнотулуп, негизги “кызыл зоналардагы” COVID-19 бейтаптарын диагностикалоо жана дарылоо үчүн колдонулат.

Жабдуунун жалпы баасы болжол менен 1,1 миллион АКШ долларын түздү.

Жалпысынан Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасы, ССМ Улуттук госпиталы, №1 Бишкек шаардык ооруканасы, Чүй облустук ооруканасы, Ош шаардык клиникалык ооруканасы, Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти жана үч үй-бүлөлүк медицина борбору дээрлик 500 даана жабдуу жана коштоочу шаймандарды алышты. Алардын арасында ларингоскоптор, мобилдик санарип рентген аппараттары, өтө төмөн температурадагы тоңдургучтар, жогорку көлөмдөгү кычкылтек концентраторлор, автоклавдар, центрифугалар жана башка маанилүү жабдуулар бар.

Улуттук госпиталдын башкы дарыгеринин милдедит аткаруучусу Токтобай Маанаевдин айтымында, айрым жабдуулар, медициналык кызматкерлерге жана бейтаптарга биринчи жолу жеткиликтүү болуп жатат. "Биринчи жолу мобилдик рентген сатылып алынып, орнотулду. Ал оорулууну жылдырбай, палатасынан эле өпкөсүн рентген аркылуу текшерүүгө өбөлгө түзөт", - деди Токтобай Маанаев.

Бул жабдууларды орнотуу үчүн сегиз медуюм Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги жана ооруканалар менен кеңешүү аркылуу, бейтаптардын максималдуу санына жардам көрсөтүү максатында тандалып алынган.

Расмий тапшыруу аземинде USAIDдин Кыргыз Республикасында башчысынын милдетин аткаруучу Кит Симмонс Улуттук госпиталдын дарыгерлерине жана кызматкерлерине талыкпас мээнети үчүн ыраазычылык билдирди. "Биз сизди колдоп, ушул шаймандарды бергенибизге кубанычтабыз, бирок алар сиздин чеберчилигиңиз жана берилгендигиңиз менен гана иштейт",- деди Кит Симмонс.

2020-жылдын март айында Кыргыз Республикасында COVID-19 пандемиясы башталгандан бери, USAID 4 млн доллардан ашуун колдоо көрсөттү. Бул акча жеке коргонуу каражаттарын сатып алууга, лобораторияларды жаңыртууга, ден-соолукка байланыштуу маалыматтык тутумдарды өркүндөтүүгө жана 4 миңден ашуун медициналык адистерди окутууга жумшалды. USAID ошондой эле COVID-19 жөнүндө мифтерди жана жалган маалыматтарды жокко чыгаруу үчүн маалымат кампанияларын да колдоду.

Пикир

Оставить комментарий