• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

АКШ кыргызстандыктарга виза берүүдө чектөө киргизиши мүмкүн. ТИМ маселени тактап жатат

Саясат 0

Бишкек, 22.01.20. /Кабар/. АКШ президенти Дональд Трамп жети өлкөгө виза берүү боюнча чектөө киргизүүнү пландап жаткандыгы кабарланды. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги аталган маселени учурда тактап жатат. Бул тууралуу «Кабарга» тышкы саясий ведомствонун башчысы Чыңгыз Айдарбеков маалымдады.

«Министрлик учурда бул маселенин үстүнөн иштеп жатат. Маселенин чоо-жайын тактайбыз», - деди ал.

Белгилей кетсек, The Wall Street Journal гезити анонимдүү булактарга таянып АКШ бийлиги жети өлкөгө виза берүү боюнча чектөө киргизүүнү пландап жактандыгын билдирген.

Басылманын маалыматына таянсак, январь айынын аягына чейин АКШ бийлиги Беларусь, Эритрея, Кыргызстан, Мьянма, Нигерия, Судан жана Танзания өлкөлөрүнүн жарандарына виза берүүдө чектөө киргизүүсү мүмкүн.

Пикир

Оставить комментарий