• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

АКШ Кыргызстандын жаңы президенти менен кызматташууга даяр

Саясат 0

Бишкек, 17.10.17 /Кабар/. АКШ 15-октябрда өткөн шайлоонун жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын жаңы президенти болуп дайындалган Сооронбай Жээнбековду куттуктайт. Элчиликтин шайлоо боюнча билдирүүсүн дипөкүлчүлүктүн басма сөз кызматы таратты.

“Шайлоону тынч жол менен өткөрүп, шайлоочулардын активдүү катышуусу Кыргызстан элинин демократия жолунда бара жаткандыгын көрсөтүп турат. Биз, Кыргыз Республикасынын бийликти демократия жолу менен өткөрүп берип жаткандыгын жогору баалайбыз. Өкмөт жана Кыргызстан эли бул шайлоонун ийгиликтүү өткөндүгү менен сыймыктанса болот”,-деп айтылат маалыматта.

АКШ Кыргызстандын жаңы президенти менен мындан ары да эки тараптуу кызматташууну улантууга даяр,-деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий