• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

АКШ менен Германия "Түндүк агым - 2" долбоору боюнча макулдашты

Дүйнө 0

Бишкек, 22.07.21. /Кабар/. Кошмо Штаттар менен Германия “Түндүк агым-2” долбоорун санкциясыз жыйынтыктоого макулдашты. Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары Виктория Нуланд билдирди.

Нуланддын айтымында, Вашингтон менен Берлин орус газын Украина аркылуу ташуу жөнүндө келишимди 10 жылга узартууга аракет жасашат. Азыркы келишимдин мөөнөтү 2024-жылы аягына чыгат.

Анын белгилешинче, АКШ менен Германия орус газын экспорттоодо Украинанын экономикалык көз карандылынын азайтууну көздөйт. Мындан тышкары эгер Орусия энергоресурстарды башка өлкөлөргө басым жасоо үчүн колдонсо, Германия Москвага санкция салууга аракет көрөт.

Украина энергоресурстар булагынын диверсификациясы үчүн Берлин менен Вашингтондон каржылай колдоо алат.

“Түндүк агым-2” газ кууру менен Орусиянын газын Украинанын аймагына кирбей туруп, Балтика деңизинин түбү аркылуу Германияга жеткирүү каралган. Бул долбоор аркылуу Орусия энергоресурстарын Украинанын аймагы аркылуу экспорт кылуу көз карандылыгын азайткысы келип жатат. Европанын бир катар өлкөлөрү жана АКШ “Түндүк агым-2” ишке кирсе, Москванын Украинага карата басымы күчөйт деп сындап келет. Балтика деңизинин түбүнө жаткырылчу куурдун курулушу АКШнын санкцияларынан улам 2019-жылдын аягында токтоп калган.

Бирок жакында Жо Байден бул маселени чечүүгө даяр экенин белгилеп, долбоорго катышкан немис компанияларына санкция салуудан баш тарткан. Анын бул позициясын демократтар да, республикачылар да сынга алышкан.

Пикир

Оставить комментарий