• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

АКШ менен Түндүк Корея ортосундагы тиреш биржалардын төмөндөшүнө алып келди

Дүйнө 0

БИШКЕК, 11.08.17. /Кабар/. Кошмо Штаттар менен Түндүк Кореянын аскердик-дипломатиялык тирешүүсү күчөп жаткан маалда Нью-Йорк биржасы үчүнчү күн катары менен төмөндөөдө. Бейшембиде алдыңкы "Доу-Жонс" индекси акыркы үч айдын ичиндеги эң ири — 0,93 пайызга төмөндөөгө дуушар болду.

Биржа катышуучуларын президент Трамптын Твиттердеги Пхеньянга жолдонгон эскертүүсү катуу тынчыздандырды.

Ал ортодо бейшембиде Brent маркасындагы бензиндин баасы бир баррели үчүн 52 доллар 54 центке чейин төмөндөдү. Буга ОПЕК мүчөлөрүнүн июлда мунай иштетүү көлөмүн көбөйтүүсү жана Орусиянын иштеп жаткан мунай кендериндеги казуу иштерин күчөтө тургандыгы боюнча билдирүүсү себеп болду. ОПЕК өз чечимин 2018-жылы дүйнөдө мунайга болгон суроо-талаптын жогорулай тургандыгы жөнүндөгү божомолдоолор менен түшүндүрүүдө.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий