• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

АКШ мигранттарды Мексикага кайтара баштады

Дүйнө 0

Бишкек. 26.01.19 /Кабар/. Мексика-америка чек арасынан өтүп, саясий башпаанек сураган мигранттардын алгачкы тобу бүгүн АКШ бийлиги тарабынан кайрадан Мексикага кайтарылат. АКШнын ички коопсуздук министри Кирстен Нильсендин айтымында, америка бийлигинин бул ниети тууралуу Мексикага кабар берилди.

«Мындай чечим башпаанек албаган мигранттардын өлкөдөн чыкпай, АКШнын аймагында мыйзамсыз калып жатышына каршы күрөшүүгө багытталган», — деди Нильсен.

Өткөн жылы ноябрда АКШ менен Мексика Кошмо штаттарга кире элек мигранттарды башпаанек берүү тууралуу арызы каралганга чейин Мексиканын аймагында калтыруу тууралуу макулдашууга келишкен.

Ак үй иммиграциялык саясаттагы өзгөрүүлөр тууралуу жарыялагандан кийин Дональд Трамптын администрациясы катуу сынга кабылууда. Өзгөртүүлөргө ылайык, АКШда мыйзамсыз жүргөн адамдардын башпаанек алууга арыз жазуусуна тыюу салынат. Мындан тышкары мигранттар мындай өтүнүч менен Мексиканын аймагынан кайрылып, жоопту ошол жактан күтүшү керек. Учурда бийликтин бул эки чечими тең укук коргоочулардын арызынын негизинде сотто каралууда.

Пикир

Оставить комментарий