• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

АКШ мунай өндүрүү боюнча сентябрда Орусиядан озуп кетти

Дүйнө 0

Бишкек, 01.11.18. /Кабар/. Сентябрда Кошмо Штаттар бир күндө 11, 346 миллион баррель мунай өндүрүү менен Орусиядан алдыга озду. Бул тууралуу Bloomberg агенттиги энергетикалык маалымат боюнча америкалык федералдык башкармалыкка шилтеме берүү менен билдирди. Орусия күндө орто эсеп менен 11,21 миллион баррель мунай өндүргөн.

Техас, Колорадо жана башка айрым штаттардагы сланец кендерине инвестиция салууга дем бере турчу көмүрсуутектин баасы көтөрүлгөндүктөн, АКШда бир жыл ичинде мунай казуунун көлөмү рекорддук чекке жетти. Нью-Мексико штатындагы эн ири кенде дагы өндүрүш биртоп өстү.

Ошол эле маалда иран мунайына санкция киргизилгендиктен, Орусия менен Сауд Арабиясы да өндүрүштү көбөйтүүнү колго алды.

Божомолдор боюнча 2030-жылга карата АКШ күнүнө 16,5 миллион баррель нефт өндүрөт. Citigroup иликтөөчүлөрүнүн маалыматына караганда, келерки жылы америкалык өндүрүүчүлөр АКШнын керектөөлөрүн толугу менен камсыздап, чет жакка көбүрөөк өлчөмдө мунай экспорттой башташат.

АКШ бир нече жылдан бери энергоресурстарды өндүрүү боюнча дүйнөдө алдынкы орунда. 2009-жылы Кошмо Штаттар жаратылыш газын чыгарууда Орусиядан озуп кеткен.

Пикир

Оставить комментарий