• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

АКШ Ооганстандагы аскерлеринин санын эки эсе кыскартат

Дүйнө 0

Бишкек, 24.12.18 /Кабар/. Америкалык күчтөрдү Сириядан чыгарып кетүү тууралуу чечимдин артынан эле президент Дональд Трамп Ооганстандагы аскерлеринин санын эки эсе кыскартууга буйрук берген. Бул тууралуу бир катар кадыр-барктуу басылмалар жазып чыкты. Бирок расмий тастыктала элек.

Ооганстандагы аскерлеринин санын кыскартуу боюнча Трамптын администрациясынын планын биринчилерден Wall Street Journal кабарлады. Басылмага америкалык чиновниктердин бири ысымын жашыруун калтыруу өтүнчү менен сүйлөп берген. Андагы маалыматка таянсак, жакынкы апталарда Ооганстандагы 14 миң аскер кызматкеринин 7 миңге чукулу кайтып келиши керек, деп жазып чыкты Би-би-си.

Си-эн-эн телеканалы Пентагондогу булагына шилтеме берип, Ооганстандагы америкалык аскер контингентинин жарымын алып чыгууга буйрук болгонун маалымдады. Телеканалга маалымат берген булак, аскерлерди чыгарып кетүүгө бир ай сарпталарын айткан.

Ал эми "Ассошиэйтед Пресс" өзүнүн булактарына таянып, аскерлерди чыгарып кетүү 7 айга чейин созулуп, жайда бүтөрүн жазды.

Си-эн-эн менен New York Times Трамп америкалык күчтөрдүн Сириядан чыгарып кетүү боюнча буйрук бергенде эле Ооганстан боюнча дагы чечимди кабыл алган деп ырастайт.

Президенттик администрациянын жаңы чечимдери менен баары эле макул болбогон сыяктуу. Айталы, мунун алдында эле Пентагон жетекчиси Жеймс Мэттистин отставкага кетери белгилүү болду. Сенаторлор арасында дагы президенттин чечими сын-пикирлерге кабылды.

Трамп президенттик шайлоого чейин эле АКШ Ооганстандагы аскердик операциялары үчүн оңбогондой чыгым тартарын сынга алып келген.

2011-жылы "Твиттер" баракчасына: "Ооганстанды кайра курууга акча коротконду качан токтотобуз? А дегенде өзүбүздүн өлкөбүздү курушубуз керек",-деп жазган.

Ооганстандагы аскерлерди чыгарып кетүү маселесин Трамп 2018-жылдын башында эле көтөргөн эле. Бирок жогорку аскер жетекчилери контингенттин калышы - "Талибан" жана "Ислам мамлекети" (Кыргызстанда ишмердүүлүгүнө тыюу салынган уюм) менен күрөштө зарыл экендигин айтып, президентти ынандырган.

Америкалык аскер күчтөрү Ооганстанга 2001-жылдын 11-сентябрындагы терактан кийин киргизилген. Ошондон бери АКШ 2,4 миңдей аскер кызматкерин жоготуп, 17 жылдык аскер операциясына 900 млрд доллар каражат коротту.

Ооганстандагы америкалык контингенттин көбөйгөн учуру 2010-жылга туура келет. Анда жалпы аскерлер саны 100 миңге чамалаган.

Учурда Ооганстандагы америкалык аскерлер саны 14 миң киши. Дагы 16 миң аскер кызматкери НАТО жана анын союздаштарына тиешелүү.

АКШ менен НАТОнун Ооганстандагы миссиясынын активдүү бөлүгү 2014-жылы жыйынтыкталган. Ооганстанда кала берген аскер күчтөрү ооган аскерлерин машыктыруу жана "Ислам мамлекети" жана "Аль-Каида" сыяктуу террордук, экстремисттик уюмдарга каршы операция өткөрүү менен алектенген.

Пикир

Оставить комментарий